AVN







ЧЕТ ТИЛИ АДИСТИГИНИН БҮТҮРҮҮЧҮ ТАЙПАЛАРЫНЫН МАМЛЕКЕТТИК ПРАКТИКАСЫНЫН РЕФЛЕКЦИЯЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯСЫ

ЧЕТ ТИЛИ АДИСТИГИНИН БҮТҮРҮҮЧҮ ТАЙПАЛАРЫНЫН МАМЛЕКЕТТИК ПРАКТИКАСЫНЫН РЕФЛЕКЦИЯЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯСЫ
 Mar 30, 2022  416

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Жалал-Абад колледжинин чет тили адистигинин Атк-2-19, Атк-3-19, Атк-01-20,  тайпаларынын студенттери                  7 (жети) жумалык мамлекеттик практикасын Жалал-Абад шаардык жана Жалал-Абад областык мектептеринде офлайн форматында өтөп жатышат.        3-курстардын студенттери үчүн мамлекеттик практикасынын рефлекциялык конференциясы офлайн форматта болуп өттү.

Рефлекциялык конференциянын максаты, студенттер менен практика жетекчилеринин байланышын чыъдоо, педагогикалык практика учурунда туш болуп жаткан көйгөйлөрүнө жана күндөлүк, сабактын планын жазуу, анализ, отчет жана башка иш кагаздарын толтурууда жакындан жардам көргөзүү.      Студенттер ачык сабактардан бир фрагмент көрсөтүп беришти. Ал эми практика жетекчилери тарабынан презентация даярдалып, кайтарым байланыш жана баалоо критерийлери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Студенттер бул конференциясынын жыйынтыгында, практика учурунда туш болгон кыйынчылыктарын, кетирген кемчиликтерин, кенен айтып беришип, тиешелүү кеп кеъештерди алышты. Ошондой эле студенттер тарабынан берилген суроолорго жооп берип, практиканын аягында даярдалчу отчетторго коюлган талаптар, баалоо критерийлери боюнча маалыматтар берилди.

Конференцияга Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун практика жана карьера бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Нурия Жолдошалиева, Жалал-Абад колледжинин өндүрүштүк практика иштери боюнча директордун орун басары Үлпат Кайкыева жана чет тилдер ПЦКсынын практика жетекчилери жана студенттер катышышты.

  • ЧЕТ ТИЛИ АДИСТИГИНИН БҮТҮРҮҮЧҮ ТАЙПАЛАРЫНЫН МАМЛЕКЕТТИК ПРАКТИКАСЫНЫН РЕФЛЕКЦИЯЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯСЫ
  • ЧЕТ ТИЛИ АДИСТИГИНИН БҮТҮРҮҮЧҮ ТАЙПАЛАРЫНЫН МАМЛЕКЕТТИК ПРАКТИКАСЫНЫН РЕФЛЕКЦИЯЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯСЫ
  • ЧЕТ ТИЛИ АДИСТИГИНИН БҮТҮРҮҮЧҮ ТАЙПАЛАРЫНЫН МАМЛЕКЕТТИК ПРАКТИКАСЫНЫН РЕФЛЕКЦИЯЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯСЫ