AVN







ФИЛОЛОГИЯ ФАКУЛЬТЕТИ ДА ЖАРДАМ КӨРСӨТТҮ

ФИЛОЛОГИЯ ФАКУЛЬТЕТИ ДА ЖАРДАМ КӨРСӨТТҮ
 Mar 30, 2022  317

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин филология факультети  Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Жалал-Абад шаардык мэриясынын 2022-жылдын 21-февралындагы №60-б буйругу КРнын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-февралындагы №110 “Социалдык адилеттүүлүктүн дүйнөлүк күнүн өткөрүү жөнүндөгү” токтомунун негизинде, социалдык адилеттүүлүктүн бир айлык өнөктүгүн өткөрүү максатында Жалал-Абад шаарынын жашоочулары Татьяна Степановна Зорикова жана Надежда Петровна Нечаевага материалдык жана моралдык жардам көрсөтүштү. Бул тууралуу аталган факультеттин окутуучусу Мөөркан Аттокурова билдирди. Анын айтымында факультеттин профессордук окутуучулук курамы тарабынан топтолгон каражатты маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасынын окутуучусу А.С.Качкынбаева жана немис тили жана адабияты кафедрасынын окутуучусу Б.Ү. Молдобаева жашаган даректерине барып тапшырып келишкен. Татьяна Зорикова жана Надежда Нечаева басып өткөн өмүр жолу, жашоо шарты тууралуу айтып көрсөтүлгөн жардам үчүн ыраазычылыктарын билдиришти.