Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун экономикалык-юридикалык факультетинин экономика, эсеп жана каржы кафедрасы тарабынан “Кесипкөй адис – учурдун талабы” – аталышта тегерек стол уюштурулду. Тегерек столдо экономика багыты боюнча бүтүрүүчүнүн компетенттүүлүк модели, негизги билим берүү программасы, окуу планы талкууланып, иш берүүчүлөр тарабынан ой пикирлер айтылды. Бул тууралуу экономика, эсеп жана каржы кафедрасынын башчысы э.и.к., доцент Э.Н.Төлөнов билдирди.
Иш чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын, Жалал-Абад шаары боюнча салык кызматынын, Жалал-Абад областтык статистика башкармалыгынын, Сузак райондук эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын,Жалал-Абад шаарында жайгашкан банктардын жетекчилери жана адистери катышты.
Жыйынтыгында тыгыз кызматташтыкта иш алып барган иш берүүчүлөргө, факультеттин жалпы жамаатынын атынан ыраазычылык баракчалар тапшырылды.
Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун экономикалык-юридикалык факультетинин экономика, эсеп жана каржы кафедрасы тарабынан “Кесипкөй адис – учурдун талабы” – аталышта тегерек стол уюштурулду. Тегерек столдо экономика багыты боюнча бүтүрүүчүнүн компетенттүүлүк модели, негизги билим берүү программасы, окуу планы талкууланып, иш берүүчүлөр тарабынан ой пикирлер айтылды. Бул тууралуу экономика, эсеп жана каржы кафедрасынын башчысы э.и.к., доцент Э.Н.Төлөнов билдирди.
Иш чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын, Жалал-Абад шаары боюнча салык кызматынын, Жалал-Абад областтык статистика башкармалыгынын, Сузак райондук эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын, Жалал-Абад шаарында жайгашкан банктардын жетекчилери жана адистери катышты.