AVN







ТАРЫХЧЫЛЫККА ТАЛПЫНТКАН ПРАКТИКА

ТАРЫХЧЫЛЫККА ТАЛПЫНТКАН ПРАКТИКА
 Mar 29, 2022  556

“Билим - бул кенч, анын булагы практика” деп айтылып келгендей эле болочок кесип ээлерин калыптандырууда практикалардын ролу зор экендиги талашсыз.

Педагогика жана маалымат технологиялар факультетинин тарых кафедрасынын  Т-1-19 тайпасынын студенттери 2022-жылдын 14-январынан тартып, 19-апрелге чейинки мөөнөттө кесиптик-базалык практикада болушту. Бул багытта практиканын жыйынтыктоочу конференциясы  25-март күнү уюштурулду. Ага  окуу жайдын өндүрүштүк практика жана карьера бөлүмүнүн адиси Ж.Паязова, тарых кафедрасынын башчысы, доцент Э.А. Авазов,  шаардагы №6 орто мектептин тарых мугалими Т.Ташматов, практика боюнча жооптуу К.А. Халматов, ага окутуучу Ж.Т. Рысбаева, окутуучулар Ш.Б. Атабекова жана М.К. Умаровалар, ошондой эле 1-2-курстун студенттери  катышты. Конференцияны кафедранын практика боюнча жооптуусу К.А.  Халматов алып барды.   Конференциянын жүрүшүндө  тайпадагы ар бир студенттин  практика боюнча отчеттору угулду жана айрым маселелер, сунуштардын айланасында кеңири ой-бөлүшүүгө мүмкүнчүлүк  берилди. Практикант-студенттер өздөрү бөлүнгөн мектептердин абалы жана мүмкүнчүлүктөрү, анда түзүлгөн шарттарга токтолушуп, практика  учурундагы туш болушкан ар кандай жагдайлар жана алардан кандай жолдор менен чыгышкандыктарын кызыктуу баяндап беришти. Алар практикадан алган таасирлерин мындайча бөлүшүштү:

         Абдуллаева Элмира - “Класс өтө шок жана көп окуучу болгондуктан тил табышуу жана ар бири менен иш алып баруу кыйынга турду. Календардык план, план конспект толтурганды жана башка иш кагаздары менен иштегенди  жакшы үйрөнө алдым”.

Иминжан кызы Асел - “Мага мугалимдик кесип абдан жакты. Бирок, өзүнө жараша түйшүгү болот эмеспи. Мен практикадан өзүмө керектүү болгон  баардык маалыматты ала алдым жана көп нерсени үйрөндүм”.

Исаков Өмүрбек - “Практиканын жүрүшүндө мугалимдик кесиптин оор жана ошол эле кезде кызыктуу экенин билдим. Предметтик жетекчим Ташматов Талант агай менен тыгыз байланышта болуп, анын сабак өтүү жолдорун үйрөндүм. Мен 5-6-8-класстарга сабак өтүп баштадым, аларга сабак өтүү аябай жакты. Практика учурунда билимдеримди мындан да өнүктүрүү керектигин түшүндүм. Мага мугалимдик кесип аябай жакты. Бул практикада көп нерселерди үйрөндүм”.

Асанова Разия - “Менин практикадан үйрөнгөн нерселерим көп болду. Бул практика мектепте иштегенде пайдасы тиет деп  ишенем. Окуучуларды ар тараптан  түшүнүп, үйрөнүү керектигин билдим. Сабактын натыйжасы, ийгилиги бул мугалимдин билим даярдыгына байланыштуу экендигине ынандым”.

Нуриева Мээримай - “Мен жалпысынан 7-8-9-10-класстарда тарых сабагын окуттум. Ошондой эле 8-“а”класска класс жетекчи болуп, тарбиялык сааттарды өттүм. Практика учурунда көптөгөн нерсени үйрөнө алдым десем болот”.

Кудайкулова Мээримай -  “Мага бул практика аябай жакты. Окуучулар сени көчөдө көрүп, эжеке, саламатсызбы? Кандайсыз? - деп сурашкан учурда мугалим болгонуна сыймыктанып кетет экенсиң”.

Талантбек кызы Динара - “Практика убагында 1 жума сабактарга катышып, анализ жүргүздүм. Экинчи жумадан баштап, 7-8-9-класстарга сабак бердим, 10-11-класстарга эжекей менен биргеликте сабак өттүм.  8-“а”класска класс жеттекчи болдум. 8-класс өтө сонун класс болгондуктан иш алып баруу оңой болду”.

         Эшенкулов Мыктыбек - “Кесиптик-базалык практикамды Жалал-Абад шаарындагы №4-мектеп-гимназиясында  өтөдүм.  Мектептеги практика жетекчим Бабашова Элмира эжеке болду. Мен жалпысынан 6-7-8-9-11-класстарга адам жана коом, тарых жана экономикага киришүү сабактарынан өтүп жаттым,  ошондой эле 11-"а" класска класс жетекчи болуп, тарбиялык сааттарды өткөрдүм. Практика учурунда окуучулар менен тыгыз иштешүүнү үйрөндүм”.

          Практика учурунда практиканттардын баары мектеп окуучулары арасындагы телефон колдонуу көйгөйүнө жана психологиялык билимдердин зарылдыгына  токтолушуп, өз ойлорун ортого салышты. Конференцияга №6 мектептен келип катышып жаткан тарых мугалими Т.Ташматов өз сөзүндө болочок тарых мугалимдеринин билим деңгээли, жүрүм-туруму мыкты экендиктерин белгилеп, кафедранын жамаатына чыгармачылык ийгилик каалады. Кафедрадан бөлүнгөн усулчу окутуучулар өздөрүнө бөлүнгөн практиканттардын ишмердүүлүктүрүнө токтолушту. Өз кезегинде кафедра башчысы Э.А. Авазов  катышып жаткан конокторго ыраазычылык билдирип, тарых профили боюнча практикалардын майнаптуулугун арттыруу боюнча көрүлүп жаткан аракеттерге токтолду. Жыйынтыгында аталган тайпадагы кесиптик-базалык практика талапка ылайык деңгээлде өткөрүлгөндүгү белгиленди.

  • ТАРЫХЧЫЛЫККА ТАЛПЫНТКАН ПРАКТИКА
  • ТАРЫХЧЫЛЫККА ТАЛПЫНТКАН ПРАКТИКА