AVN







УНИВЕРСИАДА-2022: ЖАМУНУН СТОЛ ҮСТҮНДӨГҮ ТЕННИС БОЮНЧА БАЛДАР КУРАМА КОМАНДАСЫ 16 КОМАНДАНЫН ИЧИНЕН I-ОРУНДУ ЭЭЛЕДИ

УНИВЕРСИАДА-2022: ЖАМУНУН СТОЛ ҮСТҮНДӨГҮ ТЕННИС БОЮНЧА БАЛДАР КУРАМА КОМАНДАСЫ 16 КОМАНДАНЫН ИЧИНЕН I-ОРУНДУ ЭЭЛЕДИ
 Mar 29, 2022  455

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык «Инсандын руханий-адептик өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» 2022-жылдын 22-мартынан 22-апрелине чейинки Бишкек шаарында өткөрүлүп жаткан жогорку окуу жайлар арасындагы "Универсиада-2022" мелдешинде биздин Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун стол үстүндөгү теннис боюнча балдар курама командасы 16 команданын ичинен I-орунду ээлешип, чемпион болушту. Жеңүүчүлөрдү окуу жайдын жетекчилиги, жамааты кубануу менен тосуп алышты.  Оюнчуларга - ПМТФнын кытайтаануу адистигинин студенти Абдусалиев Баатырбекке, МДФнын дарылоо иши адистигинин студенти Ибрагим уулу Сыргакка жана алардын машыктыруучусу Турдубаев Эсенге ректораттын, жалпы жамааттын жана студенттердин атынан   терең ыраазычылык айтылды. Окууларына ийгиликтерди, спортто ар дайым жеңиштерди каалашты.

  • УНИВЕРСИАДА-2022: ЖАМУНУН СТОЛ ҮСТҮНДӨГҮ ТЕННИС БОЮНЧА БАЛДАР КУРАМА КОМАНДАСЫ 16 КОМАНДАНЫН ИЧИНЕН I-ОРУНДУ ЭЭЛЕДИ
  • УНИВЕРСИАДА-2022: ЖАМУНУН СТОЛ ҮСТҮНДӨГҮ ТЕННИС БОЮНЧА БАЛДАР КУРАМА КОМАНДАСЫ 16 КОМАНДАНЫН ИЧИНЕН I-ОРУНДУ ЭЭЛЕДИ