AVN

БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК КУРГАК УЧУК ООРУСУ МЕНЕН КҮРӨШҮҮ КҮНҮНҮН БИР АЙЛЫГЫНА АРНАЛГАН СЕМИНАР

БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК  КУРГАК УЧУК ООРУСУ МЕНЕН  КҮРӨШҮҮ КҮНҮНҮН БИР АЙЛЫГЫНА АРНАЛГАН СЕМИНАР
 Mar 28, 2022  348

24-март Бүткүл дүйнөлүк  кургак учук оорусу менен  күрөшүү күнүнө карата Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун чоң жыйындар залында семинар болуп өттүү. Семинарга окуу жайдын профессордук-окутуучулук курамы жана студенттер катышты. Бул тууралуу окуу жайдын МП дарыгери Нурсулуу Ибраимова билдирди. Анда Жалал-Абад шаардык кургак учукка каршы диспансеринин башкы дарыгери Акылбек Ормоков, Кызыл ай коомунун адиси Шаймерден Жанболот уулу кургак учук жөнүндө маалымат берип баяндама жасашты. Акылбек Ормоков, кургак учук оорусунун жугу жолдору, белгилери, алдын алуу жана даарылоо иштери жөнүндө айтып, кургак учук боюнча Кыргызстандагы азыркы абалга токтолду. Кызыл ай коомунун адиси Шаймерден Жанболот уулу айтып берди бул оору менен ооруган бейтаптар үчүн берилип жаткан жардамдар тууралуу айтып, учурда  272 бейтап менен иш алып, аларга даары дармек жана тамак аш жагынан жардамдар берилип жатканын баса белгиледи. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча: ар бир секунд сайын дүйнөдө бир адам кургак учук оорусун жуктуруп алат. Ал эми, ар бир 20 секундда жер жүзүндө кургак учуктан бир адам көз жумат.

Эске салсак, Жалал-Абад областы боюнча 2021 жылында 69 бейтап кургак учук оорусуна кабылган. Алардын ичинен алтымышы 17 жаштан жогору курактагылар. Ал эми, үч бейтап 14-17 жаштагылар болсо калган төртөө өспүрүмдөр.

  • БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК  КУРГАК УЧУК ООРУСУ МЕНЕН  КҮРӨШҮҮ КҮНҮНҮН БИР АЙЛЫГЫНА АРНАЛГАН СЕМИНАР