AVN







ВАКЦИНА ПАНДЕМИЯНЫ ЖЕҢҮҮГӨ ЖОЛ АЧАТ

ВАКЦИНА ПАНДЕМИЯНЫ ЖЕҢҮҮГӨ ЖОЛ АЧАТ
 Mar 28, 2022  336

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин алдында түзүлгөн медициналык пункту, Жалал-Абад шаарындагы №1 үй-бүлөөлүк дарыгерлер тобунун кызматкерлери менен биргеликте окуу жайда эмгектенген кызматкерлерге жана 16 жаштан жогорку студенттерге     СOVID-19га каршы берилүүчү вакциналар жөнүндө маалыматтар берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу ЖАМУнун МП дарыгери Нурсулуу Ибраимова билдирди. Анын айтымында КРнын саламаттык сактоо министрлиги тарабынан №1541 сандуу буйругу чыккан. Ошол буйруктун негизинде жалпы жарандарга СOVID-19 боюнча түшүндүрүү жана алдын алуу иштери жүрүп жатат. Шаардагы №1 үй-бүлөөлүк дарыгерлер тобунун дарыгери Луара Самидинова окуу жайдын студенттерине жана кызматкерлерине СOVID-19га каршы берилүүчү BNT162b2, Pfizer-BioNTech, Moderna, Спутник Лайт вакциналары боюнча кеңири түшүндүрүп берди. Дарыгер өз сөзүндө, - «СOVID-19га каршы эмдөөдөн өтүү эң биринчи оруудан сактануу. Эң негизгиси пандемияны жеңүүнүн бирден бир жолу,» -деди.

 

 

  • ВАКЦИНА ПАНДЕМИЯНЫ ЖЕҢҮҮГӨ ЖОЛ АЧАТ
  • ВАКЦИНА ПАНДЕМИЯНЫ ЖЕҢҮҮГӨ ЖОЛ АЧАТ
  • ВАКЦИНА ПАНДЕМИЯНЫ ЖЕҢҮҮГӨ ЖОЛ АЧАТ
  • ВАКЦИНА ПАНДЕМИЯНЫ ЖЕҢҮҮГӨ ЖОЛ АЧАТ