AVN







ЖАМУНУН АРДАКТУУ ПРОФЕССОРЛОРУНУН КАТАРЫ КЕҢЕЙДИ

ЖАМУНУН АРДАКТУУ ПРОФЕССОРЛОРУНУН КАТАРЫ КЕҢЕЙДИ
 Mar 27, 2022  397

Филология илимдеринин доктору, профессор Бекбалаев Амангельди Абдыжапаровичке, Борбордук Азия университетинин кооперативдик билим берүү бөлүмүнүн башчысы, доцент Каримов Мырзарахман Мырзакаримовичке ЖАМУнун  «Ардактуу профессору» наамы ыйгарылды. Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ректору тех.и.д., профессор Кеңешбек Усенов «Ардактуу профессор» наамынын диплому менен мантиясын тапшырып жатып,- «Бүгүн биздин окуу жайда дагы бир жакшы саамалык. Бир гана Кыргызстанга эмес Борбор Азияга белгилүү, окумуштуу агайлар биздин окуу жайдын «Ардактуу профессору» наамын алып, катарыбызга кошулуп жатат. Бул биз үчүн сыймык,» - деди. Профессор Амангельди Бекбалаев ЖАМУнун жалпы профессордук – окутуучулук курамына ыраазычылыгын билдирип, окуу жай үчүн алып келген белектерин тапшырып жатып, - «Илим жолун тандаган ар бир инсан талыкпай издениши керек. Изденүүнүн арты менен гана ийгилик жаралат. Мен баарыңарга талбаган эмгек жана ийгилик каалайм,» -деди.

Жолугушууга «Адилет» жана «Комиссар эскертет» программасынын автору, белгилүү журналист Нышанбек Кочкоров, Бишкек мамлекеттик университетинин биричи проректору Козуев Дурус Исакбаевичтер да катышып, сөз сүйлөштү.

Соңунда окуу жайдын профессордук-окутуучулук курамынын атынан ф.и.д., профессор Ибраим Абдувалиев, ф.и.д., профессор Асылбек Эшиев, ф.и.к., доцент Дилбар Чокоева, Амангельди Бекбалаев жана Мырзарахман Каримовду  ЖАМУнун «Ардактуу профессору» болушу менен куттуктады.

 

  • ЖАМУНУН АРДАКТУУ ПРОФЕССОРЛОРУНУН КАТАРЫ КЕҢЕЙДИ
  • ЖАМУНУН АРДАКТУУ ПРОФЕССОРЛОРУНУН КАТАРЫ КЕҢЕЙДИ
  • ЖАМУНУН АРДАКТУУ ПРОФЕССОРЛОРУНУН КАТАРЫ КЕҢЕЙДИ
  • ЖАМУНУН АРДАКТУУ ПРОФЕССОРЛОРУНУН КАТАРЫ КЕҢЕЙДИ
  • ЖАМУНУН АРДАКТУУ ПРОФЕССОРЛОРУНУН КАТАРЫ КЕҢЕЙДИ