AVN







БОРБОРДУК АЗИЯ УНИВЕРСИТЕТИНИН КООПЕРАТИВДИК БИЛИМ БЕРҮҮ БӨЛҮМҮНҮН БАШЧЫСЫ ЖАМУДА

БОРБОРДУК АЗИЯ УНИВЕРСИТЕТИНИН КООПЕРАТИВДИК БИЛИМ БЕРҮҮ БӨЛҮМҮНҮН БАШЧЫСЫ ЖАМУДА
 Mar 27, 2022  396

Борбордук Азия университетинин кооперативдик билим берүү бөлүмүнүн башчысы, доцент Каримов Мырзарахман Мырзакаримович Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде болду. Бул тууралуу университеттин илим, магистратура, аспирантура жана докторантура бөлүмүнүн улук инспектору Гулен Сулайманова билдирди. Анын айтымында Мырзарахман Каримов окуу жайдын кичи жыйындар залында профессордук-окутуучулук курам менен жоолугуп, аларга Эл аралык долбоорлор менен иштөө жана долбоор жазуу жөнүндө семинар өткөн. Семинарда профессордук-окутуучулук курам долбоор жазуу, аны өткөрүү жана ишке ашыруу жолдоруна кызыгып, берген суроолоруна жоопторду алышкан.

ЖАМУнун ректору тех.и.д., профессор Кеңешбек Усенов борбордук Азия университетинин кооперативдик билим берүү бөлүмүнүн башчысы, доцент Мырзарахман Каримовго өз ыраазычылыгын билдирди. Анда, - «Биздин окуу жай долбоорлор жана гаранттар менен иштөөнү жакшы жолго койду. Антсе да биздин профессордук-окутуучулук курам жаңы долбоорлор менен иштөөгө ынтызар. Биздин окуу жайга болгон иш сапарыңыз, берген кеп кеңешиңиз ЖАМУну дагы да жаңы жетишкендиктерге жетелейт. Сиз менен буйруса тыгыз кызматташтыкта көптөгөн ири долбоорлорду ишке ашырабыз,» - деди.

  • БОРБОРДУК АЗИЯ УНИВЕРСИТЕТИНИН КООПЕРАТИВДИК БИЛИМ БЕРҮҮ БӨЛҮМҮНҮН БАШЧЫСЫ ЖАМУДА