AVN







МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ ЧЕКТЕЛГЕН ЖАРАНДАРДЫН КЫЗ-ЖИГИТ САРМЕРДЕН ОЮНУ ӨТТҮ

МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ ЧЕКТЕЛГЕН ЖАРАНДАРДЫН КЫЗ-ЖИГИТ САРМЕРДЕН ОЮНУ ӨТТҮ
 Mar 27, 2022  352

Барпы атындагы кыргыз драма театрында «Бирдиктүү багыт» майыптар коомдук бирикмелер ассоцациясы жана «Кызыл-Ай» коому тарабынан ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн сармерден оюну болуп өттү. Ал иш-чараны КР Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев ачып катышуучуларга ден-соолук жана ийгилик каалады.  Иш-чарага облустун бардык район-шаарларынан келген жалпы 24 катышуучу катышып, көрүүчүлөргө өз таланттарын тартуулашкан. ЖАМУнун мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору Айгул Доранова, - «Ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн мындай маданий иш-чараларды уюштуруу аларга моралдык жактан чоң колдоо. Биздин окуу жай да четте турбастан демилгени колго алып, мүмкүнчүлүгүбүзгө жараша өз салымыбызды кошуп келдик жана ар дайым биргебиз, жардамдашып келебиз. Уюштуруу тобуна ыраазычылык айтабыз»-деди.

 

  • МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ ЧЕКТЕЛГЕН ЖАРАНДАРДЫН КЫЗ-ЖИГИТ САРМЕРДЕН ОЮНУ ӨТТҮ
  • МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ ЧЕКТЕЛГЕН ЖАРАНДАРДЫН КЫЗ-ЖИГИТ САРМЕРДЕН ОЮНУ ӨТТҮ
  • МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ ЧЕКТЕЛГЕН ЖАРАНДАРДЫН КЫЗ-ЖИГИТ САРМЕРДЕН ОЮНУ ӨТТҮ