AVN







ЖАМУ-ЖАКШЫ ИШ ЖАСООГО ЖАЛПЫБЫЗ АРАКЕТ КЫЛАЛЫ

ЖАМУ-ЖАКШЫ ИШ ЖАСООГО ЖАЛПЫБЫЗ АРАКЕТ КЫЛАЛЫ
 Mar 27, 2022  309

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин педагогика жана маалымат технологиялар факультети Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад шаардык мэриясынын 2022-жылдын 21-февралындагы №60/б буйругу, КРнын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-февралындагы №110 "Социалдык адилеттүүлүктүн дүйнөлүк күнүн өткөрүү жөнүндөгү" токтомунун негизинде, социалдык адилеттүүлүктүн бир айлыгына карата кайрымдуулук ишин жасады. Анда ПМТФнын жалпы профессордук-окутуучулук курамы тарабынан Лидия Хутаевага жана Минзафа Шараевага 2650 сомдон жалпы 5300 сом акчалай жардам көрсөтүлдү. Чогулган каражатты тапшырууну профессор Ш.М.Ниязалиев атындагы философия жана гуманитардык илимдер кафедрасынын башчысы ф.и.к, доцент Гулжамал Токтогулова, окутуучу Адилет Усенов жана дене тарбия кафедрасынын окутуучусу Тынчтыкбек Ташмаматов колго алган.

 

  • ЖАМУ-ЖАКШЫ ИШ ЖАСООГО ЖАЛПЫБЫЗ АРАКЕТ КЫЛАЛЫ