AVN







ЖАМУ: КОНОК ЛЕКЦИЯЛАРДЫ УЮШТУРУУ ЖАКШЫ ЖОЛГО КОЮЛДУ

ЖАМУ: КОНОК ЛЕКЦИЯЛАРДЫ УЮШТУРУУ ЖАКШЫ ЖОЛГО КОЮЛДУ
 Mar 22, 2022  446

Академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында ЖОЖдор арасында окумуштуулардын конок лекцияларын уюштуруу соңку мезгилдерде жакшы жолго коюлуп келүүдө. Бул багытта тарых кафедрасында алгылыктуу иштер аткарылууда. 2022-жылдын 17-март күнү Тарых профилиндеги тайпалардын студенттерине ОшМУнун тарыхчы окумуштуулары тарабынан конок лекция уюштурулду. Бул ирет ОшМУнун чыгыш таануу жана тарых факультетин деканы доцент С.А. Арстанов "Жалпы тарых жана ТОУ" кафедрасынын башчысы, Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун Ардактуу профессору Т.Д. Кадыров, "Кыргызстан тарыхы, археология жана этнология" кафедрасынын башчысы доцент Т.М. Шаанов жана окутуучу М.А. Мамановдор  тарабынан кызыктуу дарстар окулду.  Конок лекцияга Т-1-21, Т-1-20, Т-1-18 тайпалары тартылды жана кафедранын доценти К.А. Халматов, окутуучу М.К. Умаровалар катышты. Профессор Т.Д. Кадыров “Борбордук Азиянын тарыхы”,  С.А. Арстанов, Т.М.Шаанов М.А. Мамановдор “Кыргызстандын соңку жаңы тарыхы” дисциплиналары боюнча актуалдуу темаларга токтолушту. Лекторлор тарабынан окулган кыргыз советтик улуттук мамлекеттүүлүктүн калыптанышы жана улут саясаты, Аксы окуясынын 20 жылдыгына арналган маселелер студенттердин кызуугууларын жаратты. Сабактын жүрүшүндө студенттер кызыккан суроолорго жооп алышты жана класстер менен иштөө тапшырмасын аткарышты. Жолугушуу соңунда    550400 Социалдык-экономикалык билим берүү программасынын тарых профили боюнча студенттерди окутуу, мобилдүүлүк жана тажрыйба алмашуу маселелери  жаатында эки тараптуу кызматташуу багытында сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Жыйынтыгында сертификаттар тапшырылып, тарых кафедрасынын башчысы, доцент Э.А. Авазов тарабынан келген конокторго ыраазычылык билдирилди.

  • ЖАМУ: КОНОК ЛЕКЦИЯЛАРДЫ УЮШТУРУУ ЖАКШЫ ЖОЛГО КОЮЛДУ
  • ЖАМУ: КОНОК ЛЕКЦИЯЛАРДЫ УЮШТУРУУ ЖАКШЫ ЖОЛГО КОЮЛДУ
  • ЖАМУ: КОНОК ЛЕКЦИЯЛАРДЫ УЮШТУРУУ ЖАКШЫ ЖОЛГО КОЮЛДУ
  • ЖАМУ: КОНОК ЛЕКЦИЯЛАРДЫ УЮШТУРУУ ЖАКШЫ ЖОЛГО КОЮЛДУ
  • ЖАМУ: КОНОК ЛЕКЦИЯЛАРДЫ УЮШТУРУУ ЖАКШЫ ЖОЛГО КОЮЛДУ