AVN







ИШ БЕРҮҮЧҮЛӨРГӨ ЫРААЗЫЧЫЛЫК БАРАКЧАЛАР ТАПШЫРЫЛДЫ

ИШ БЕРҮҮЧҮЛӨРГӨ ЫРААЗЫЧЫЛЫК БАРАКЧАЛАР ТАПШЫРЫЛДЫ
 Mar 22, 2022  422

Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун филология факультетинин  орус филологиясы кафедрасы кафедра менен тыгыз кызматташтыкта иш алып барган иш берүүчүлөрдү Нооруз майрамы менен куттуктап, аларга ыраазычылык баракчаларын тапшырды. Бул тууралуу кафедрадан билдиришти.

Орус филологиясы кафедрасынын башчысы ф.и.к.  доценттин м.а. А. Жусупова, - «Биздин иш берүүчүлөр, факультет жана кафедра менен тыгыз байланышта иштеп, негизги билим берүү программасын талкуулоодо, бүтүрүүчүлөрдүн моделин түзүүдө өздөрүнүн пикирлерин айтып, жардамын  көрсөтүштү. Буйруса мындан ары да кызматташтыкты күчөтүп биргеликте бийик ийгиликтерди багындырабыз»,-деди.

Факультет менен тыгыз кызматташтыкта иш алып барган №90 Сузак районундагы Манас атындагы инновациялык мектеп-гимназиясынын директору Сулайманова Айсулуу Алимовнага,  №1 М. Бабкин атындагы мектеп гимназиясынын директору Касымбекова Дамира Токоновнага жана областагы орус диаспорасынын башчысы Малюженко Виктор Викторовичке факультеттин жана жалпы жамаатын атынан ыраазычылык баракчалар тапшырылды.

  • ИШ БЕРҮҮЧҮЛӨРГӨ ЫРААЗЫЧЫЛЫК БАРАКЧАЛАР ТАПШЫРЫЛДЫ
  • ИШ БЕРҮҮЧҮЛӨРГӨ ЫРААЗЫЧЫЛЫК БАРАКЧАЛАР ТАПШЫРЫЛДЫ
  • ИШ БЕРҮҮЧҮЛӨРГӨ ЫРААЗЫЧЫЛЫК БАРАКЧАЛАР ТАПШЫРЫЛДЫ