AVN







МЕДИЦИНА ФАКУЛЬТЕТИНДЕ ИЧКИ АУДИТ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ

МЕДИЦИНА ФАКУЛЬТЕТИНДЕ ИЧКИ АУДИТ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ
 Mar 22, 2022  448

Дүйнө бир жерде токтоп калбастан, ал жарыктын ылдамдыгы менен өнүгүп жатат! Билим берүү тармагына күн сайын окуу-инновациянын жаңы ыкмалары киргизилүүдө. Мындан улам ЖАМУнун медицина факультетинде билим берүүнүн сапатын дагы да жакшыртуу максатында ички аудит жүргүзүлдү. Бул тууралуу медицина факультетинин деканы Г. С. Ташиева билдирди. Анын айтымында, медицина факультетинин профессордук-окутуучулар жамааты да заман талабынан артта эмес. Алар жогорку билимге дүйнөлүк талап менен окутуунун жаңы технологияларын иштеп чыгууда. Биздин бул аракетибиз жаңы технологияларды жана окуу усулдарын киргизүү боюнча иштерди жакшыртуу. Ошондуктан атайын түзүлгөн комиссия медицина факультетинин бардык кафедраларында ички аудит жүргүздү. Текшерүүнүн жүрүшүндө сунуштар, түрдүү пикирлер айтылды. Жалпысынан комиссия мүчөлөрүнүн пикири боюнча медицина факультетинде окутуунун тандап алган жолу, методикасы мактоого татыктуу экендиги айтылды. Ал эми, жетекчилик тарабынан дагы да жаңыланууга болгон аракеттер токтобой тургандыгы баса белгиленди.

  • МЕДИЦИНА ФАКУЛЬТЕТИНДЕ ИЧКИ АУДИТ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ
  • МЕДИЦИНА ФАКУЛЬТЕТИНДЕ ИЧКИ АУДИТ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ
  • МЕДИЦИНА ФАКУЛЬТЕТИНДЕ ИЧКИ АУДИТ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ
  • МЕДИЦИНА ФАКУЛЬТЕТИНДЕ ИЧКИ АУДИТ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ
  • МЕДИЦИНА ФАКУЛЬТЕТИНДЕ ИЧКИ АУДИТ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ