AVN







ДЕНИ САК МУУН – ДЕНИ САК УЛУТ

ДЕНИ САК МУУН – ДЕНИ САК УЛУТ
 Mar 22, 2022  775

Соңку учурларда Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча: ар бир секунд сайын дүйнөдө бир адам кургак учук оорусун жуктуруп алат. Ал эми, ар бир 20 секундда жер жүзүндө кургак учуктан бир адам көз жумат. Жылына бул дарттан 600гө жакын киши каза табат. Республикада кургак учук менен ооругандардын саны Чүйдө жана Бишкекте көбүрөөк байкалат. Өлкөдө социалдык-экономикалык кырдаал курчуп, миграция өсүп жаткандыгы-бул оорунун кулач жайышына таасир этүүдө. Кургак учук менен ооруп калгандардын санын азайтуу жаатында ак халатчандар көптөгөн иштерди жасап жатышат. Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун медицина факультетинин студенттери госпиталдык терапия кафедрасынын башчылыгында (Орунбаева В.К.) мектеп окуучуларынын арасында кургак учук оорусуна каршы маалыматтык-профилактикалык иштерди активдүү жүргүзүүдө. Кафедранын башчысы Венера Орунбаева,-“Дени сак муун-дени сак улут. Демек, эртеңки муундун келечеги үчүн бүгүн кам көрүүбүз зарыл. Биз ЖАМУнун медицина факультетинин студенттери менен бирге кургак учук оорусуна каршы маалыматтык-профилактикалык иштерди байма-бай жүргүзүп келебиз. Биз бул аракетибизден кайтпайбыз. Дени сак муун үчүн күрөшө беребиз,”-дейт.    

  • ДЕНИ САК МУУН – ДЕНИ САК УЛУТ
  • ДЕНИ САК МУУН – ДЕНИ САК УЛУТ
  • ДЕНИ САК МУУН – ДЕНИ САК УЛУТ
  • ДЕНИ САК МУУН – ДЕНИ САК УЛУТ
  • ДЕНИ САК МУУН – ДЕНИ САК УЛУТ