AVN







АДИС ДАЯРДООДО – АТА-ЭНЕНИН ОРДУ

АДИС ДАЯРДООДО – АТА-ЭНЕНИН ОРДУ
 Mar 22, 2022  456

Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун экономикалык-юридикалык факультетинин экономика жана юриспруденция багытында билим алып жаткан студенттердин ата-энелери менен жолугушуу болуп өттү. Ата-энелер жолугушуу үчүн областтын ар кайсы аймактарынан келишкен. Бул тууралуу факультеттен билдиришти. Маалыматта алгач ата-энелер ЖАМУнун жана факультеттин окуу кааналары, окуу залдары, лабораториялар, борборлор жана кафедра жамааттары менен таанышкандыгы айтылат. Мындан сырткары, жолугушууда экономикалык-юридикалык факультетинин деканы э.и.д., профессор А.К. Аскарова, экономика, эсеп жана каржы кафедрасынын башчысы  э.и.к., доцент Э.Н.Төлөнов, саяс.и.к., доцент Б.Н. Алымкуловдор чыгып сөз сүйлөп, студенттердин окуудагы, коомдук-тарбиялык жана маданий иш чаралардагы жетишкендиктерине токтолушту. Ата-энелерге окуу процессине тиешелуу жоболор, AVN cистемасы, ата-энелердин милдеттери жана укуктары жөнүндө маалыматтар берилди. Мыкты окуган студенттердин ата-энелерине, факультеттин жетекчилиги тарабынан ыраазычылык каттар тапшырылды. Иш чарада ата-энелер мындан ары факультеттин профессордук-окутуучулар курамы менен дайыма байланышта болуп, балдарды биргеликте тарбиялоо сунушун айтуу менен ыраазычылыктарын айтышты. Жолугушуу студенттер тарабынан даярдалган концерттик программа менен жыйынтыкталды.

 

  • АДИС ДАЯРДООДО – АТА-ЭНЕНИН ОРДУ
  • АДИС ДАЯРДООДО – АТА-ЭНЕНИН ОРДУ
  • АДИС ДАЯРДООДО – АТА-ЭНЕНИН ОРДУ