AVN







НООРУЗ -ЫНТЫМАКТЫН МАЙРАМЫ

НООРУЗ -ЫНТЫМАКТЫН МАЙРАМЫ
 Mar 22, 2022  371

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин филология факультетинин англис тили жана адабияты кафедрасынын 3-курсунун студенттери тарабынан «Нооруз-ынтымактын майрамы» аттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу уюштуруучулардын бири Гүлбара Жороева билдирди. Ал,- “Майрамдык кечеде студенттер Нооруз майрамынын тарыхы, орду жана мааниси жөнүндө слайд көрсөтүштү жана улуттук оюндар ойнолуп концерттик программа тартууланды. Алсак, студенттер өз ара командага бөлүнүп аркан тартышып, кол күрөш боюнча таймашышты. Мындан сырткары таланттуу студенттер келген көрүүчүлөр үчүн ар улуттун бийин бийлеп,  ырлар ырдалып, кыздар арасында кызыктуу акыйнек айтышуу да болду. Эң кызыгы Нооруздун шаңы менен даярдалуучу сүмөлөк келген көрүүчүлөрдүн баарына таратылды,”-дейт.

 

  • НООРУЗ -ЫНТЫМАКТЫН МАЙРАМЫ
  • НООРУЗ -ЫНТЫМАКТЫН МАЙРАМЫ
  • НООРУЗ -ЫНТЫМАКТЫН МАЙРАМЫ
  • НООРУЗ -ЫНТЫМАКТЫН МАЙРАМЫ
  • НООРУЗ -ЫНТЫМАКТЫН МАЙРАМЫ
  • НООРУЗ -ЫНТЫМАКТЫН МАЙРАМЫ