AVN







ЖАМУНУН МАРШЫ ЖАРЫК КӨРДҮ

ЖАМУНУН МАРШЫ ЖАРЫК КӨРДҮ
 Feb 24, 2018  1329

    ЖАМУнун чоң жыйындар залында  22- февраль күнү  окуу жайдын маданий-эстетикалык борборунун кызматкерлери  “Ата-Мекенди коргоочулар күнунө” карата  профессордук – окутуучулар  курамына жана кызматкерлерине арналган  маданий иш-чара уюштурушту. Мындай маалыматты аталган борбордон билдиришти.

           Иш-чаранын 1-бөлүгүндө ЖАМУнун ректору Кенешбек Усенов сөз сүйлөп, ЖАМУнун бардык профессордук-окутуучулар курамын жана кызматкерлерин Ата Мекенди коргоочулар күнү менен куттуктап, келечектеги пландар менен бөлүшүп кетти.

  • Урматтуу кесиптештер! Сиздерге, ден соолук, иштериңиздерге ийгилик жана үй-бүлөлүк бакыт-таайлай каалайм. Заманыбыз тынч болуп, дүйнөдө согуш болбосун, энелерибиздин көз жашы акпасын деп тилейм. Эмгегиңиздерден баар таап, келечектин мыкты адистерин татыктуу тарбиялап, мамлекеттин өнүгүшүнө салым кошолу. Биздин мекенге болгон сүйүүбүз кылган эмгегибизден байкалат деген оюн билдирди.

          Концерттин экинчи бөлүгүндө мугалимдер, ошондой эле маданий-эстетикалык борбордон вокал, комуз, бий боюнча таалим алган студенттер өз өнөрлөрүн көрсөтүп, майрамдык маанай тартуулашты. Андан сырткары, маданий эстетикалык борбордун адиси  Жусуп  Масеитовдун калеминен жаралган  “ЖАМУнун маршы” аталышындагы чыгарма студенттер тарабынан аткарылды.

          Иш-чаранын жыйынтыгында окуу жайдын ректору, маданий-эстетикалык борбордун кызматкерлеринин иштерине ийгилик каалады.

  • ЖАМУНУН МАРШЫ ЖАРЫК КӨРДҮ
  • ЖАМУНУН МАРШЫ ЖАРЫК КӨРДҮ
  • ЖАМУНУН МАРШЫ ЖАРЫК КӨРДҮ
  • ЖАМУНУН МАРШЫ ЖАРЫК КӨРДҮ
  • ЖАМУНУН МАРШЫ ЖАРЫК КӨРДҮ
  • ЖАМУНУН МАРШЫ ЖАРЫК КӨРДҮ
  • ЖАМУНУН МАРШЫ ЖАРЫК КӨРДҮ
  • ЖАМУНУН МАРШЫ ЖАРЫК КӨРДҮ
  • ЖАМУНУН МАРШЫ ЖАРЫК КӨРДҮ
  • ЖАМУНУН МАРШЫ ЖАРЫК КӨРДҮ
  • ЖАМУНУН МАРШЫ ЖАРЫК КӨРДҮ