AVN







ЖАМУнун ректору Кеңешбек Усенов кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады

ЖАМУнун ректору Кеңешбек Усенов кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады
 Mar 21, 2022  644

Урматтуу мекендештер!
Сиздерди жаратылыштын жаңылануусун, жазгы талаа жумуштарынын жандануусун жар салган, табийгаттын тазаруусу менен кирип келген Нооруз майрамыңыздар менен  куттуктаймын.
21-март, күн менен түн теңелип, жыл тогошкон учур. Бул күнү ата-бабаларыбыз жаңы үмүт, тилек менен Нооруз майрамында элге, журтка амандык сурап келишкен. Ал эми, дыйкандар кош айдап, үрөн сээп, түшүмдүүлүктүн көп болушун тилешкен. Ушул кубанычтуу майрамда жергебизде тынчтык болуп, улуу Нооруз күнү жаралган таза сезимдериңиздер эч качан өчпөсүн.
Ылайым, ар бирибиздин жүрөгүбүздө жакшылыктын, биримдиктин, бир туугандыктын сезими согуп турсун. Ушул  күнү үйүңүздөргө кут конуп, ишиңиздерди ийгиликтер жылоолоп, элибизге ынтымак-ырашкерлик, үй-бүлөңүздөргө бакыт-таалай алып келсин.
Жакшы салттарын сыйлап, тарыхын кадырлаган элдин келечеги кең болот. Ылайым, Нооруз майрамы бизге дем берип, жакшы тилектерибиз, асыл максаттарыбыз ишке ашсын. Жараткан эгемендүү Кыргызстан элин колдосун,  жолубузду ачсын. Элибизге ынтымак жана биримдик, мамлекетибизге молчулук жана береке, тынчттык тартууласын!
Сиздерди терең урматтоо менен,
ЖАМУнун ректору, тех.и.д., профессор  Кеңешбек Жумабекович Усенов