AVN







КЫРГЫЗ ТУУСУНУН КАБЫЛ АЛЫНГАНДЫГЫНЫН 30 ЖЫЛДЫГЫНА КАРАТА КУРАТОРДУК СААТ ӨТТҮ

КЫРГЫЗ ТУУСУНУН КАБЫЛ АЛЫНГАНДЫГЫНЫН 30 ЖЫЛДЫГЫНА КАРАТА КУРАТОРДУК СААТ ӨТТҮ
 Mar 16, 2022  351

Жалал-Абад колледжинин мектепке чейинки билим берүү жана социалдык иш ПЦКсынын социалдык иш адистигинин окутуучусу Айтбү Анарбай кызы  Срк-2-20 тайпасы менен биргеликте мамлекеттик туунун кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата “Кыргызымдын туусу түбөлүк желбиресин”  деген темада куратордук саат өткөрдү. Сабак мамлекеттик гимн менен башталып, студенттер тарабынан патриоттук мүнөздөгү  ырлар окулду. Сабактын жүрүшүндө Перизат Ажыманова  “Кыргызым менен сыймыктанам” деген ырды көркөм окуп, көпчүлүктүн көңүлүн бурду.

 

Кагылайын Кыргыз калкым жүрөгүм,

Кыргызмын деп сыймыктанып  жүрөмүн

Рыспай ырдап, Токтогул төгүп бүтпөгөн,

Өсөбергин жадырайып ар күнүн!

 

Чуу чыкпасын, бейпил болсун күндөрүң,

Баарың болгун бир бүтүн.

Бажырайып жаз гүлүдөй гүлдөгүн,

Саның болуп миң түтүн!

 

Кыргыз, кыргыз, кыргыз деген ким өзү?

Айбаты курч, ташты жарат мүнөзү.

Жүрөгүндө жанып турган оту бар,

Кыргыз эли - чагылгандын бир өзү.

 

Майдалабай улуу жолду баштаган,

Душман кирсе дайра болуп каптаган.

Өлүмдөн да бийик койгон намысты,

Кыргызмын деп дүйнө элине мактанам.

  • КЫРГЫЗ ТУУСУНУН КАБЫЛ АЛЫНГАНДЫГЫНЫН 30 ЖЫЛДЫГЫНА КАРАТА КУРАТОРДУК СААТ ӨТТҮ
  • КЫРГЫЗ ТУУСУНУН КАБЫЛ АЛЫНГАНДЫГЫНЫН 30 ЖЫЛДЫГЫНА КАРАТА КУРАТОРДУК СААТ ӨТТҮ