AVN







ЖАКШЫНЫН ӨЗҮ ӨЛСӨ ДА, СӨЗҮ ӨЛБӨЙТ

ЖАКШЫНЫН ӨЗҮ ӨЛСӨ ДА, СӨЗҮ ӨЛБӨЙТ
 Mar 16, 2022  426

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин педагогика жана маалымат технологиялар факультетинин педагогика жана психология кафедрасынын МПк-1-18 тайпасынын студенттерине куратор Г. Темирбаева "Жакшынын өзү өлсө да, сөзү өлбөйт" аталышында тарбиялык саат өттү. Анда студенттер менен элдик накыл-кептердин, улуулар айткан ойлордун, тарбиялык, логикалык жана философиялык маанилери чечмеленип талкууланды. Г. Темирбаева,- “Сабактын максаты, адамдардын өз ара мамиле кылуудагы адебин калыптандыруу, улуулардын басып өткөн жолунан үлгү алуу жана айтылган ар бир пайдалуу кеңешти башкалар менен бөлүшүү. Эң негизгиси, кыргыз элинин сөз багып, сөз кастарлаган улуу эл экендигин даңазалоо болуп саналат”,-дейт.

 

  • ЖАКШЫНЫН ӨЗҮ ӨЛСӨ ДА, СӨЗҮ ӨЛБӨЙТ
  • ЖАКШЫНЫН ӨЗҮ ӨЛСӨ ДА, СӨЗҮ ӨЛБӨЙТ