ЖАЛАЛ- АБАД КОЛЛЕДЖИНИН ЧЕТ ТИЛИ ПЦКСЫНЫН ОКУТУУЧУЛАРЫ КЕМБРИДЖ БААЛООСУ ТАРАБЫНАН ӨТКӨРҮЛГӨН ВЕБИНАРДА
Mar 16, 2022 362
Британиянын элчилиги астындагы «CambridgeassessmentEnglish» Кембридж Баалоосу уюштурган вебинар болуп өттү. Бул вебинар онлайн форматта «NewwaysofteachingandlearningEnglish» (Англис тилин окутуунун жана үйрөнүүнүн жаңы жолдору ) деген темада болду. Анда вебинардын уюштуруучулары Британиялык Алберто Коста жана Сара Элистин менен бирге англис тилин окутуунун жана үйрөтүүнүн жолдору талкууланды. Талкууга Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Жалал-Абад колледжинин чет тили боюнча окутуучулары да катышкан. Мындай маалыматты колледждин чет тили боюнча окутуучусу Замира Женалиева билдирди. Анын айтымында вебинардан окутуучулар өздөрү үчүн пайдалуу маалыматтарды, кеңештерди ала алышкан. Ал тургай, таркатма материалдардын жана көрсөтмө куралдардын үлгүлөрүн электрондук шилтемелер аркылуу алышкан. Соңунда вебинарга катышкан окутуучулар окугандыгы тууралуу сертификаттарга ээ болушкан.
Британиянын элчилиги астындагы «Cambridge assessment English» Кембридж Баалоосу уюштурган вебинар болуп өттү. Бул вебинар онлайн форматта «New ways of teaching and learning English» (Англис тилин окутуунун жана үйрөнүүнүн жаңы жолдору ) деген темада болду. Анда вебинардын уюштуруучулары Британиялык Алберто Коста жана Сара Элистин менен бирге англис тилин окутуунун жана үйрөтүүнүн жолдору талкууланды. Талкууга Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Жалал-Абад колледжинин чет тили боюнча окутуучулары да катышкан. Мындай маалыматты колледждин чет тили боюнча окутуучусу Замира Женалиева билдирди. Анын айтымында вебинардан окутуучулар өздөрү үчүн пайдалуу маалыматтарды, кеңештерди ала алышкан. Ал тургай, таркатма материалдардын жана көрсөтмө куралдардын үлгүлөрүн электрондук шилтемелер аркылуу алышкан. Соңунда вебинарга катышкан окутуучулар окугандыгы тууралуу сертификаттарга ээ болушкан.