AVN







ФИЛОЛОГИЯ ФАКУЛЬТЕТИН КЫРГЫЗ ТИЛИ ЖАНА АДАБИЯТЫ КАФЕДРАСЫНДА КӨРГӨЗМӨЛҮҮ САБАКТАР ӨТҮЛҮҮДӨ

ФИЛОЛОГИЯ  ФАКУЛЬТЕТИН КЫРГЫЗ ТИЛИ ЖАНА АДАБИЯТЫ КАФЕДРАСЫНДА КӨРГӨЗМӨЛҮҮ САБАКТАР ӨТҮЛҮҮДӨ
 Mar 16, 2022  485

Кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын доценти, ф.и.к., Бакирова Гүлжан Көккөзовна ФББ (КТ) маг-1-21 тайпасына кезектеги көргөзмөлүү сабакты кыргыз тилинин теориясы дисциплинасынан “Структуралык тил илими жана кыргыз тили” деген темада өттү. Лекцияда ХХ кылымдагы тил илиминин негизги өзгөчөлүктөрү, кыргыз тилинин ички өнүгүшүнүн  структуралык тил илиминин негизги принциптерине ылайыкталышы, азыркы кыргыз тилинин структуралык түзүлүшү жана тилдик системасы деген суроолордун тегерегинде магистранттарга  теориялык маселелерди далилдүү мисалдар келтирип, дарс окуду. Лекциянын тексти, сунушталган адабияттар, теманы бышыктоо үчүн суроолор сабактын жүрүшүндө слайд аркылуу көрсөтүлүп турду. Сабакта проблемалуу суроолор коюлуп, студенттер менен айрым учурда суроо-жооп иретинде диалог түзүлүп, лекция кызыктуу жана натыйжалуу болду деген жыйынтыкты сабакка катышкан окутуучулук-профессордук курам бир ооздон белгилешти.  

      Сабакка  филология факультетинин кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын башчысы, филол.и.к., доцент А.Кадырова баш болгон окутуучулар катышышып, соӊунда өз ой-пикирлерин билдиришти жана сабак “эӊ жакшы” деп бааланды.

Лекция түшүнүктүү жөнөкөй тил менен,  илимий кызыктуу мисалдарга, маалыматтарга, тыянактарга бай болду. Лектордун өзүн алып жүрүүсү, речи, лекциянын текстинин илимий стилде жазылышы, студенттерге болгон мамилеси – баары жогорку денгээлде. Лекциянын тексти  электрондук доскада  чагылып турду жана сабак өз максатына толук  жетти,- деп билдирди кафедранын окуу-усулдук иштери боюнча жетекчиси А.Шерипбаев.  

 

  • ФИЛОЛОГИЯ  ФАКУЛЬТЕТИН КЫРГЫЗ ТИЛИ ЖАНА АДАБИЯТЫ КАФЕДРАСЫНДА КӨРГӨЗМӨЛҮҮ САБАКТАР ӨТҮЛҮҮДӨ
  • ФИЛОЛОГИЯ  ФАКУЛЬТЕТИН КЫРГЫЗ ТИЛИ ЖАНА АДАБИЯТЫ КАФЕДРАСЫНДА КӨРГӨЗМӨЛҮҮ САБАКТАР ӨТҮЛҮҮДӨ