AVN







МОНОПОЛИЯГА КАРШЫ ОРГАНДАРЫ КОНОК ЛЕКЦИЯДА

МОНОПОЛИЯГА КАРШЫ ОРГАНДАРЫ КОНОК ЛЕКЦИЯДА
 Mar 16, 2022  308

Кыргыз Республикасынын  «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» мыйзамынын негизинде  студенттер арасында түшүндүрүү жана билимдүүлүгүн жогорулатуу максатында Кыргыз республикасынын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиктин Жалал-Абад областтык бөлүмүнүн адистери тарабынан экономикалык-юридикалык факультетинин  студенттерине конок лекция  өтүлдү.

Лекцияда Кыргыз Республикасынын  «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» мыйзамы  1997-жылдын 10-декабры № 90 негизинде кабыл  алынып, мыйзамга ылайык товарларды сатууда (иш аткарууда, кызмат көрсөтүүдө) керектөөчүлөр менен даярдоочулардын (аткаруучулардын, сатуучулардын) ортосунда пайда болуучу мамилелерди жөнгө сала тургандыгы, сапаты жакшы жана керектөөчүлөрдүн өмүрү жана ден соолугу үчүн коопсуз товарларды (иштерди, кызматтарды) сатып алууга, товарлар (иштер, кызматтар) жөнүндө жана аларды даярдоочулар (аткаруучулар, сатуучулар) жөнүндө маалымат алууга, агартууга алардын таламдарын мамлекет жана коомдук деңгээлде коргоого керектөөчүлөрдүн укуктарын белгилей тургандыгы, ошондой эле ушул укуктарды жүзөгө ашыруу механизмин аныктай тургандыгы  айтылды. Бул мыйзам коомду соодадагы монополиянын түзүлүшүнөн жана өнүгүшүнөн сактайт, ошондой эле кесепетинен адилет жана ак ниет атаандаштык нөлгө теңелип же тоскоолдукка учурай турган мыйзамсыз жана кемсинтүүчү практикага тыюу салган шарттарда атаандаштыкты сүрөйт жана колдой тургандыгы тууралуу дагы кеңири маалымат берилди. Конок лекцияда төмөнкү маселелер каралган: керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жаатында укук мамилелеринин катышуучулары,  керектөөчүлөрдүн негизги укуктары, даярдоочулардын (аткаруучулардын, сатуучулардын) милдеттери, ыйгарым укуктуу органдардын ыйгарым укуктары, керектөөчүлөрдүн коомдук бирикмелеринин (алардын ассоциацияларынын, союздарынын) укуктары.

 

  • МОНОПОЛИЯГА КАРШЫ ОРГАНДАРЫ КОНОК ЛЕКЦИЯДА
  • МОНОПОЛИЯГА КАРШЫ ОРГАНДАРЫ КОНОК ЛЕКЦИЯДА
  • МОНОПОЛИЯГА КАРШЫ ОРГАНДАРЫ КОНОК ЛЕКЦИЯДА