AVN

МЕДИЦИНА ФАКУЛЬТЕТИНДЕ ОКУМУШТУУЛАР КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКСИЗ ОТУРУМУ БОЛУП ӨТТҮ

МЕДИЦИНА ФАКУЛЬТЕТИНДЕ ОКУМУШТУУЛАР КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКСИЗ ОТУРУМУ БОЛУП ӨТТҮ
 Mar 16, 2022  440

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин медицина факультетинде окумуштуулар кеңешинин кезексиз отуруму болуп өттү. Анда окумуштуулар кеңешинин төрагасы Ш. Нурдинов тарабынан ЖАМУнун медицина факультетине жана окумуштуулар кеңешине доцент Г. Ташиева тааныштырылды. Медицина факультетинин окумуштуулар кеңешинин чечими менен кеңештин курамы кайрадан каралып чыкты. Добуш берүүгө 2 сунуш киргизилди. Биринчиси кеңештин курамын өзгөртүү жана ошол эле курамы менен  ишин улантуу. Көпчүлүк добуш менен медицина факултьтетин окумуштуулар кеңешинин курамын өзгөртүү чечими кабыл алынды. Жыйынтыгында окумуштуулар кеңешинин төрагасы Ташиева Гүлбара Самидиновна, төраганын орун басары Нурдинов Шамшидин Шабидинович, илимий катчы – структурага кошумча 2 бөлүм башчы, бир студент, иш берүүчү кошулду. Аны менен катар окумуштуулар кеңешинин жыйналышынын планына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди. Административдик кеңештин, жаш окумуштуулар кеңешинин, профилдик окуу-методикалык кеңештин курамы бекитилди. Мындан тышкары,  негизги билим берүү программасы (5 жылдык) , компетенттүүлүк матрицасы жана окутуунун натыйжалары жана компетенциялары менен негизги билим берүү программасы (5 жылдык) бүтүрүүчү модели боюнча жумушчу топтун тизмеси бекитилди.

  • МЕДИЦИНА ФАКУЛЬТЕТИНДЕ ОКУМУШТУУЛАР КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКСИЗ ОТУРУМУ БОЛУП ӨТТҮ