AVN

АТА ЖУРТ КЫЙЫН КҮНГӨ КАБЫЛГАНДА.......

АТА ЖУРТ КЫЙЫН КҮНГӨ КАБЫЛГАНДА.......
 Feb 22, 2018  1592

ЖАМУнун Экономикалык-юридикалык жана Табигый техникалык факультеттеринин студенттери  21-февралда “Ата Мекенди коргоочулар  күнүнө” карата “Ата-Журт кыйын күнгө кабылганда, Айлансын ар бир уулуң чагылганга” аттуу маданий иш-чара  уюштурушту. Мындай маалыматты Юриспруденция кафедрасынын башчысы Бекжан Алымкулов билдирди.

     Иш-чарага ЖАМУнун  ректору Кеңешбек Усенов баштаган окуу жайда эмгектенген Ооган согушунун ардагерлери келип, студенттердин таланттарына күбө болушкан.

    Студенттер конокторго өз таланттарын тартуулап, алардын Ата Мекенди коргоо үчүн  жанын аябай кан кечип согуш талаасында эрдик көрсөткөндөрүнө таазим кылышты. Алардан алган кеп-кеңештер азыркы жаштарга зор үлгү болуп, патриоттук сезимдерин ойготот деп билдирди Б. Алымкулов.

   Бизге бейпил жашоону тартуулаган ата-бабаларыбызга, Ооган согушунунун ардагерлерине ар убак ыраазычылыгыбызды билдирип, аларды урматтоо азыркы муундун парзы экенин кошумчалады ал.  

  • АТА ЖУРТ КЫЙЫН КҮНГӨ КАБЫЛГАНДА.......