AVN







КУРГАК УЧУК БОЮНЧА ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК АБАЛДЫН ЖАКШЫРЫШЫНА ЖАН ҮРӨП ИШТЕГЕН ЖАМУНУН СТУДЕНТТЕРИ

КУРГАК УЧУК БОЮНЧА ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК АБАЛДЫН ЖАКШЫРЫШЫНА ЖАН ҮРӨП ИШТЕГЕН ЖАМУНУН СТУДЕНТТЕРИ
 Mar 16, 2022  393

ЖАМУнун медициналык факультетинин 6-курсунун студенттери "Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнүнө" карата  Жалал-Абад шаарындагы мектептердин жогорку класстарына санитардык агартуу иштерин жүргүзүштү. Алар мектеп окуучуларына кургак учуктун келип чыгуу себептери жана жугуу жолдору, кургак учуктун белгилери жана алдын алуу ыкмалары жөнүндө түшүндүрмө берип, кургак учуктун алдын алуу боюнча маалымат жазылган баракчаларды таратышкан. Бул жөнүндө факультеттин гаспиталдык терапия кафедрасынан Венера Орунбаева билдирди. Ал,- “Кургак учук Кыргызстанда  ар кандай курактагы топтордун арасында кеңири таралган оорулардын бири болуп саналат. Республика боюнча ар кандай профилактикалык жана маалыматтык иш-чараларды жүргүзүү, кургак учук боюнча эпидемиологиялык абалдын жакшырышына алып келет. Демилгени колго алып, уюштуруу иштеринде активдүүлүгүн көрсөткөн ЖАМУнун медицина факультетинин студенттеринин бул аракети көңүл жылытат”,-дейт.

  • КУРГАК УЧУК БОЮНЧА ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК АБАЛДЫН ЖАКШЫРЫШЫНА ЖАН ҮРӨП ИШТЕГЕН ЖАМУНУН СТУДЕНТТЕРИ
  • КУРГАК УЧУК БОЮНЧА ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК АБАЛДЫН ЖАКШЫРЫШЫНА ЖАН ҮРӨП ИШТЕГЕН ЖАМУНУН СТУДЕНТТЕРИ
  • КУРГАК УЧУК БОЮНЧА ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК АБАЛДЫН ЖАКШЫРЫШЫНА ЖАН ҮРӨП ИШТЕГЕН ЖАМУНУН СТУДЕНТТЕРИ