AVN







МАГИСТРЛЕР ИЛИМИЙ ИЗИЛДӨӨ ИШТЕРИН ЖҮРГҮЗҮҮДӨ

МАГИСТРЛЕР ИЛИМИЙ ИЗИЛДӨӨ ИШТЕРИН ЖҮРГҮЗҮҮДӨ
 Mar 13, 2022  351

Учурда филология факультетинин 550300 филологиялык билим берүү (профили: кыргыз тили жана адабияты) багыты боюнча окуган магистранттар илимий изилдөө иштерин жүргүзүшүп жатышат. Алар окуу планына ылайык 17 жумалык мөөнөттө  Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин кыргыз тили жана адабияты кафедрасында жана К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык университети, Эл аралык Кыргыз-Түрк институтунун эл аралык мамилелер жана жалпы теориялык сабактар кафедрасында илимий жетекчилеринин жетекчилигинде диссертациялык ишин даярдашууда.

Илимий иштерди даярдоонун жүрүшү боюнча маалымат алуу үчүн жыйында кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын башчысы, ф.и.к., доцент А.Кадырова чыгып сүйлөдү. Магистранттар, ФББ(КТ)маг-1-20 тайпасынын студенттери, Атабаева Н., Джолдошева А., Сайранбаева Ы., Молдоназарова А., Кебекова Ж. жана А.Жапаровалар диссертациялык иштеринин даярдалышы боюнча маалыматтарын беришти. Илимий жетекчилер И.Абдувалиев, А.Оморов, Г, Бакирова, М.Мирзахидова, М.Шакирова, Э.Хурибаевалар сөз алышып, ар бири магистранттарынын иши боюнча сүйлөп беришти.

Жыйынтыгында, ишти даярдоо боюнча сунуш-пикирлер талкууланып, ойлорун ортого салышты. Диссертациялык иштеринин даярдыгы бааланып, мындан кийинки аткарылуучу иштер пландаштырылды.

  • МАГИСТРЛЕР ИЛИМИЙ ИЗИЛДӨӨ ИШТЕРИН ЖҮРГҮЗҮҮДӨ
  • МАГИСТРЛЕР ИЛИМИЙ ИЗИЛДӨӨ ИШТЕРИН ЖҮРГҮЗҮҮДӨ