AVN







АТА-ЭНЕЛЕР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ

АТА-ЭНЕЛЕР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ
 Mar 13, 2022  424

Филология факультетинин КТ-1-21 тайпасында окуган студенттердин ата-энелери менен жолугушуу болуп өттү. Анда областыбыздын ар кайсы райондорунан ата-энелер келишип, биздин окуу жайыбыз, факультетибиздин окуу кааналары, окуу залдары, лабораториялар, борборлор жана кафедра жамааты менен таанышышты.

Жолугушууда кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын башчысы А.Кадырова, ага окутуучу А.Шерипбаев, куратору Р. Келдибаевалар чыгып сүйлөшүп, студенттердин окуу, коомдук-тарбиялык жана маданий иш чараларындагы жетишкендиктерине токтолушту. Ата-энелерге окуу процессине тиешелуу  жоболор, AVN cистемасы, ата-энелердин милдеттери  менен тааныштырылды.

Экинчи бөлүктө апалардын майрамы менен куттуктоолор айтылып  концерттик программа тартууланды. Эне, студенттик күндөр тууралуу ырлар аткарылып, окуу жылынан башталгандан бери окуудагы, коомдук-тарбиялык иштердеги ийгиликтери чагылдырылган видеослайддар, ар түрдүү иш чараларда даярдалган материалдар көрсөтүлдү. Ата-энелерге кызыктуу суроолор, тапшырмалар берилип, баарлашуу чай үстүндө улантылды.

  • АТА-ЭНЕЛЕР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ
  • АТА-ЭНЕЛЕР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ
  • АТА-ЭНЕЛЕР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ
  • АТА-ЭНЕЛЕР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ
  • АТА-ЭНЕЛЕР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ