AVN







ФИЛОЛОГИЯ ФАКУЛЬТЕТИНИН КЫРГЫЗ ТИЛИ ЖАНА АДАБИЯТЫ КАФЕДРАСЫНДА - КЕЗЕКТЕГИ КӨРГӨЗМӨЛҮҮ САБАК

ФИЛОЛОГИЯ ФАКУЛЬТЕТИНИН КЫРГЫЗ ТИЛИ ЖАНА АДАБИЯТЫ КАФЕДРАСЫНДА -  КЕЗЕКТЕГИ  КӨРГӨЗМӨЛҮҮ САБАК
 Mar 11, 2022  600

Кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын окутуучусу Хурибаева Элмира Гайдаровна тарабынан ФББ (КТ) маг-1-21 тайпасына илим жана билим берүүнүн учурдагы маселелери дисциплинасынан «Билим берүүнүн нормативдик-укуктук коопсуздугу» деген темада көргөзмөлүү сабак өттү. Мында “Мамлекеттик билим берүүнүн стандарты” деген бөлүм боюнча: стандарт деген эмне, стандарттын негизги максаты, КРнын билим берүү мейкиндигинин биримдиги, негизги билим берүү программасынын үзгүлтүксүздүгү, кредиттик бирдиктерде студенттердин окуу иштерин эсепке алуу(кредиттер) сыяктуу бир топ суроолордун айланысында кызыктуу жана орчундуу темада лекция окуду. Лекциянын тексти, сунушталган адабияттар,  теманы бышыктоо үчүн суроолор сабактын жүрүшүндө слайд болуп көрсөтүлүп турду. Магистранттар кызыккан суроолоруна жоопторду алышты.

Сабакка филология факультетинин кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын башчысы, ф.и.к., доцент А.Кадырова, филол.и.д., профессор И.Абдувалиев, филол.и.к., доцент А.Оморов,  ага окутуучулар  А.Шерипбаев, Р.Келдибаевалар катышып, сабак тууралуу өз ой-пикирлерин, сунуштарын айтышты  жана өтүлгөн лекция катышкан окутуучулар тарабынан «эӊ жакшы» деп бааланды.

Студенттер лекциядан учурдун талабына ылайык тез өзгөрүлмөлүү дүйнөдө билим берүүнүн турдүү проблемалары, учурдагы көйгөйлүү маселелер тууралуу да диалог түрүндө талкуулашып, суроолоруна канаатттандырарлык жоопторду алышты, – деп билдирди кафедранын окуу-усулдук иштери боюнча жооптуусу А.Р.Шерипбаев.

  • ФИЛОЛОГИЯ ФАКУЛЬТЕТИНИН КЫРГЫЗ ТИЛИ ЖАНА АДАБИЯТЫ КАФЕДРАСЫНДА -  КЕЗЕКТЕГИ  КӨРГӨЗМӨЛҮҮ САБАК
  • ФИЛОЛОГИЯ ФАКУЛЬТЕТИНИН КЫРГЫЗ ТИЛИ ЖАНА АДАБИЯТЫ КАФЕДРАСЫНДА -  КЕЗЕКТЕГИ  КӨРГӨЗМӨЛҮҮ САБАК
  • ФИЛОЛОГИЯ ФАКУЛЬТЕТИНИН КЫРГЫЗ ТИЛИ ЖАНА АДАБИЯТЫ КАФЕДРАСЫНДА -  КЕЗЕКТЕГИ  КӨРГӨЗМӨЛҮҮ САБАК