AVN







ТАЖРЫЙБАСЫ АЗ ЖАШ ОКУТУУЧУЛАР ҮЧҮН КӨРСӨТМӨЛҮҮ САБАКТАР УЮШТУРУЛДУ

ТАЖРЫЙБАСЫ АЗ ЖАШ ОКУТУУЧУЛАР ҮЧҮН КӨРСӨТМӨЛҮҮ САБАКТАР УЮШТУРУЛДУ
 Mar 11, 2022  381

Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун    Жалал-Абад  колледжинде 2021-2022-окуу жылынын 1-жарым жылдыгында өргүүдөн келген жана педагогикалык тажрыйбасы аз жаш окутуучулар үчүн көрсөтмөлүү сабактар уюштурулду. Сабакка жаш, жаңы ишке кирген жана өргүүдөн кайткан окутуучулар менен биргеликте дасыккан, компетенттүү окутуучулар чакырылган. Бул тууралуу колледждин методикалык иштер боюнча инспектору Айкөкүл Сопукулова билдирди. Анын айтымында тажрыйбалуу окутуучулар сабакка анализ берип жаңы, жаш окутуучулар менен бирге сабактын жүрүшүн жана методдорун талкуулашкан. Алар сабактын жүрүшүндө окутуу-үйрөтүү процесссин уюштурууну, окутуунун жаңы технологияларын, баалоонун түрлөрүн үйрөнүшкөн.  Ал эле эмес, студенттер менен болгон карым-катнашты өздөштүрүп, педагогикалык компетентүүлүгүн жогорулатууга мүмкүнчүлүк алышты.

Жыйынтыгында, Назгуль Эсенкулова, Майрамгүл Нурматова, Саламат Тобокелова, Дариякан Жумабаева, Чолпон Канкулова, Мухабат Омуралиева, Анаргуль Жалилова, Марат Акматбековдордун көрсөтмөлүү сабактары  мыкты деп бааланды.   

  • ТАЖРЫЙБАСЫ АЗ ЖАШ ОКУТУУЧУЛАР ҮЧҮН КӨРСӨТМӨЛҮҮ САБАКТАР УЮШТУРУЛДУ
  • ТАЖРЫЙБАСЫ АЗ ЖАШ ОКУТУУЧУЛАР ҮЧҮН КӨРСӨТМӨЛҮҮ САБАКТАР УЮШТУРУЛДУ
  • ТАЖРЫЙБАСЫ АЗ ЖАШ ОКУТУУЧУЛАР ҮЧҮН КӨРСӨТМӨЛҮҮ САБАКТАР УЮШТУРУЛДУ