AVN

Конфуцийдин К.Токтомаматов атындагы ЭАУдагы окуу түйүнү

Конфуцийдин К.Токтомаматов атындагы ЭАУдагы окуу түйүнү
 Mar 11, 2022  388

ЖАМУнун алдындагы Конфуций институту Жалал-Абад шаарындагы К.Токтомаматов атындагы Эл аралык университетиндеги кытай тили түйүнүндө өз ишмердүүлүгүн он жылдан ашуун убакыттан бери жүргүзүп келе жатат. Ал жерде кытай окутуучусу Ло Зы Мо кытай тили жана маданияты боюнча сабак берет.

Аталган окуу жайда кытай окутуучусу ачык сабактарын, студенттер менен, кабинет менен иштөөсүн көрсөттү. Бул жерде туризм, котормочулук, эл аралык мамиле сыяктуу адистиктердин 200дөй студенти кытай тилин үйрөнүп жатышат. Тил үйрөнүү үчүн керектүү шарттар түзүлгөн: жаңы кабинет, материалдык-техникалык база, окуу китептери, жагымдуу атмосфералык жагдай, ж.б. Ачык сабакта окутуучунун ишмердүүлүгү, аракети, сабак өтүү усулдары, студенттердин кытай тилин үйрөнүү-өздөштүрүү деңгээли көрүндү. Иш-чарада ЖАМУнун, ЭАУнун жетекчилиги тарабынан Конфуций институтунун бул окуу борборунда жүргүзүп жаткан иштерине баа берилип, заман талабына ылайык, экономика, бизнес тармагындагы болочок адистер көп тил билиши, айрыкча, экономикасы дүркүрөп өсүп жаткан элдердин тилин үйрөнүү, тил аркылуу экономиканы өнүктүрүүнү үйрөнүү керектиги түшүндүрүлдү. Соңунда бул борборго Синцзянь университетинен келген китептер тапшырылып, жылуу маанайдагы каалоо-тилектер айтылды. 

Жалал-Абад шаарындагы К.Токтомаматов атындагы эл аралык университетинде кытай тилин ийгиликтүү үйрөнгөн студенттердин бир тобу Кытайдагы ЖОЖдордон магистратураны бүтүп келишип, кесиптик ишмердүүлүктөрүн башташкан.

  • Конфуцийдин К.Токтомаматов атындагы ЭАУдагы окуу түйүнү