AVN







ЖИГИТТЕР ЖАЗДА ЫР КУРАП, АЙЫМДАРГА ЫР СУНАТ

ЖИГИТТЕР ЖАЗДА ЫР КУРАП, АЙЫМДАРГА ЫР СУНАТ
 Mar 7, 2022  660

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде эмгектенген мырзалар, айымдарга 8-март аялдардын Эл аралык майрамына карата «Жигиттер жазда ыр курап, айымдарга ыр сунат» аттуу майрамдык концертин тартуулашты. Алгач окуу жайдын ректору тех. и. д., профессор Кеңешбек Усенов окуу жайда эмгектенип жаткан айымдарды майрамы менен куттуктап аялдардын коомдогу орду туурасында айтты.

- «Урматтуу аалам ажары болгон айымдар, эжелер, карындаштар апалар! Мен сиздерди           8-март аялдардын Эл аралык майрамы менен куттуктап жатып өзүмдүн апамды эстейм. Апам тогуз баланы тарбиялап, татыктуу тарбиясын берди. Баарыбызды окутту. Кудайга шүгүр азыр коомдо өз ордубузду таба алдык. Апамдын курч мүнөзү, кайраттуулугу, чечкиндүүлүгү айыл арасында кадыр барк алып келди. Айылдагылар апамды «генерал» апа деп айтышчуу. Бүгүн биздин окуу жайда да ошондой апалар бар. Биз алар менен ар дайым сыймыктанабыз. Сиздер балдарга татыктуу билим, туура тарбия берип коомдо өзгөчө орунду ээлеп келесиздер. Урматтуу апалар, эже-карындаштар! Мен сиздерге бекем           ден-соолук, үй-бүлөлүк бакыт, узаак өмүр, бейпил жашоо,  дөөлөттүү карылык каалайм. Бар болгула, майрам кут болсун! » - деди.

Майрамдык концерт бир жарым саатка созулуп таланттуу агайлар эжейлер үчүн обондуу ырларды аткарышты. Уюштуруу иштерин окуу жайдын маданий эстетикалык борборунун адистери Нурбек Шамуратов жана Рыспай Шаимкулов колго алган.

  • ЖИГИТТЕР ЖАЗДА ЫР КУРАП, АЙЫМДАРГА ЫР СУНАТ
  • ЖИГИТТЕР ЖАЗДА ЫР КУРАП, АЙЫМДАРГА ЫР СУНАТ
  • ЖИГИТТЕР ЖАЗДА ЫР КУРАП, АЙЫМДАРГА ЫР СУНАТ
  • ЖИГИТТЕР ЖАЗДА ЫР КУРАП, АЙЫМДАРГА ЫР СУНАТ
  • ЖИГИТТЕР ЖАЗДА ЫР КУРАП, АЙЫМДАРГА ЫР СУНАТ
  • ЖИГИТТЕР ЖАЗДА ЫР КУРАП, АЙЫМДАРГА ЫР СУНАТ