AVN







ИЛИМИЙ ИЙРИМДЕР – ИЛИМГЕ КОЮЛГАН ФУНДАМЕНТ

ИЛИМИЙ ИЙРИМДЕР – ИЛИМГЕ КОЮЛГАН ФУНДАМЕНТ
 Mar 7, 2022  422

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин экономика - юридикалык факультетинин экономика, эсеп жана каржы кафедрасында кафедранын аспиранты Чыныгүл Орозова жетектеген "Жаш бухгалтер" жана "Финансист" ийримдери иштейт. Ийримде илимге кызыкдар болгон студенттердин экономика багыты боюнча, ар кандай темадагы иштерди  алып баруусу үчүн баардык мүмкүнчүлүктөр каралган.  Бул тууралуу экономика, эсеп жана каржы кафедрасынын башчысы Эмил Төлөнов билдирди. Анын айтымында  ушул жылдын 4 – мартында аталган ийримдин кезектеги отуруму болуп өттү. Анда "Акча бирдиги" – деген темада түрдүү ойлор талкуулады. БЭк-1-20, ФКк-1-21, ФКк-1-18 тайпаларынын студенттери тарабынан даярдалган кызыктуу макалалар окулуп, талкууга алынды. Иш чарага кафедра башчысы менен бирге  кафедранын профессордук-окутуучулар курамы катышты. Алар ийримдин мүчөлөрүнө өздөрүнүн кеп кеңештерин айтып ыраазычылыктарын билдиришти.  

 

  • ИЛИМИЙ ИЙРИМДЕР – ИЛИМГЕ КОЮЛГАН ФУНДАМЕНТ
  • ИЛИМИЙ ИЙРИМДЕР – ИЛИМГЕ КОЮЛГАН ФУНДАМЕНТ