АНГЛИС ТИЛИ ЖАНА АДАБИЯТЫ КАФЕДРАСЫНАН 10 ОКУТУУЧУ МОСКВА МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНДЕ ӨТКӨН ВЕБИНАРДА
Mar 7, 2022 377
Кембридж университетинин басма сөз өкүлчүлүгү жана М. В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинде Грег Арчердин катышуусу менен онлайн вебинар болуп өттү. Вебинар «Develop writing skills» (Жазуу көндүмдөрүн өнүктүрүү) деген темада болду. Вебинарга Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин англис тили жана адабияты кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы да катышкан. Бул тууралуу филология факультетинин окуу усулдук иштер боюнча төрайымы Гүлбара Жороева билдирди. Анын айтымында вебинарга англис тили жана адабияты кафедрасынан бардыгы болуп 10 окутуучу катышкан. Алар окугандыгы тууралуу атайын сертификаттарга ээ болушкан.