AVN







ЖАМУ ЖАШ СҮРӨТЧҮЛӨРДҮ КОЛДОЙТ

ЖАМУ ЖАШ СҮРӨТЧҮЛӨРДҮ КОЛДОЙТ
 Mar 7, 2022  405

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети областтык сүрөтчүлөр союзу менен биргеликте ЖАМУнун педагогика жана маалымат техналогиялар факультетинин залында сүрөт көргөзмөсүн уюштурду. Көргөзмөдө сүрөтчүлөрдүн 100гө жакын эмгеги көрүүчүлөргө сунушталды. Мындай маалыматты аталган окуу жайдын мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору Айгул Доранова билдирди. Анын айтымында коюлган сүрөттөрдүн арасында окуу жайдын студенттери тарткан сүрөттөр да болгон. Сүрөт көргөзмөдө университеттин ректору тех. и. д., профессор Кеңешбек Усенов областтык сүрөтчүлөр союзу менен ЖАМУ кызматташууга кызыктар экендигин жана алар үчүн окуу жайдын эшиги дайма ачык болоорун билдирди. Областтык сүрөтчүлөр союзунун төрагасы Абдусамат Мырзаев көргөзмөгө областын баардык аймагынан сүрөтчүлөр келгендигин айтып,-«Жалал-Абадда сүрөтчүлөр союзу үчүн колдоо аз болуп жатат. Сүрөтчүлөрдүн эмгегин койгонго жарытылуу жайыбыз жок. Биздин эмгегибизди баалап көргөзмөнү уюштурууга мүмкүнчүлүк түзүп бергениңиздер үчүн ыраазыбыз. Буйруса сиздердин окуу жайда сүрөт искусствосуна кызыккан жаш сүрөтчүлөр көп. Алдыда сиздер менен биргеликте көп иштерди жасайбыз деген ниетибиз бар»-деди. ЖАМУнун мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору Айгул Доранова ушул эле сүрөт көргөзмө окуу жайдын башка бөлүмдөрүнө да коюлуран кошумчалады.  

  • ЖАМУ ЖАШ СҮРӨТЧҮЛӨРДҮ КОЛДОЙТ
  • ЖАМУ ЖАШ СҮРӨТЧҮЛӨРДҮ КОЛДОЙТ
  • ЖАМУ ЖАШ СҮРӨТЧҮЛӨРДҮ КОЛДОЙТ