AVN







АР БИР САБАК – ЧОҢ ЖООПКЕРЧИЛИК

АР БИР САБАК – ЧОҢ ЖООПКЕРЧИЛИК
 Mar 5, 2022  326

Кытай окутуучуларынын ар бир сабакка чоң жоопкерчилик менен  даярдануусу –  институттан коюлган негизги талаптардын бири. Буга ылайык, ар бир окутуучу өз сабагына изденүүчүлук менен даярданат: керектүү көрсөтмө куралдарды жасайт, заманбап техникалык каражаттар менен жабдыйт, алгылыктуу усулдарды тандайт, ар бир окуучунун деңгээлине жараша тапшырмаларды түзөт, ж.б.

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин алдындагы Конфуций институтунун жетекчилиги Базар-Коргон районундагы №30 Ө.Атабеков, Акмандагы №6 Б.Осмонов атындагы гимназия-мектептердеги кытай тили окуу пунктуларындагы сабактардын жүрүшүнөн кабар алды. Аталган мекемелерде атайын кытай класстары уюштурулуп, тиешелүү шарттар түзүлүп берилген. Ал жерлерде кытай окутуучусу Лю Махань сабак берет.

Ал 8-9-класстарга кытай тилинен сабак өтүп, сабакка коюлган бардык талаптарды сактаганга аракет кылды: өтүлгөн материалдарды кайталатты, берилген тапшырмаларды сурады, диалог аркылуу жаңы темага өбөлгө түздү, жаңы теманын максат-маанисин айтты, түшүндүрдү, бышыктады, техникалык каражаттарды орундуу пайдалана алды. Сабактан кийин ЖАМУнун ректору, т.и.д., профессор К.Ж.Усенов мектептин жетекчилиги менен перспективдүү ойлорду бөлүштү. Өтүлүп жаткан сабактардын жетишкендиктерин баса белгилеп, өз сунуш-пикирин айтты. Синцзянь университетинен жиберилген жаңы окуу китептерин, видеоматериалдарды  тапшырып, окуучуларды ЖАМУнун ийгиликтери, мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштырып, жогорку билим алууга чакырды. 

Бул окуу пунктуларында бир топ жылдан бери кытай тили боюнча сабактар, планга ылайык, кытай маданиятын үйрөтүүчү иш-чаралар байма-бай өткөрүлүп, окуучулар кытай тилин жакшы үйрөнүп калышкан. Республикада өткөрүлгөн сынактардан, мелдештерден жыйынтык алып келишет. Аталган кытай класстарынын алдыңкы окуучулары ЖАМУнун кытай тили адистиктеринде билим алып жатышат.

  • АР БИР САБАК – ЧОҢ ЖООПКЕРЧИЛИК
  • АР БИР САБАК – ЧОҢ ЖООПКЕРЧИЛИК
  • АР БИР САБАК – ЧОҢ ЖООПКЕРЧИЛИК