AVN







КУТТУКТОО!

КУТТУКТОО!
 Feb 22, 2018  1474

     Кымбаттуу мекендештер жана ЖАМУнун жалпы жамааты!

Сиздерди Ата-Мекенди коргоочулар күнү менен чын дилимден куттуктайм! Муундан-муунга бузулбастан өтүп келе жаткан элибизди, жергебизди жана өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн сактоо ар бирибиздин алдыбызда турган эң орчундуу милдет. Дал ушул аймактык бүтүндүктү жана Ата-Мекенибиздин келечегин сактоо биздин каарман жоокерлердин, ар-намыстуу уул-кыздарыбыздын мекенчил сезимин курчутат деп ишенем.

    Ата-Мекенди коргоочу –бир гана чеп бетинде турган жоокер эмес, бул – биздин экономикабызга, саламаттыкты сактоого, билим берүүгө, маданиятыбызга жана идеологиябызга күн сайын эмгеги менен салымын кошуп жаткан ар бир атуулубуз. Андыктан баарыбыз бирдикте Мекенге берилип кызмат кылуу аркылуу өлкөбүздүн бүтүндүгүн сактап, келечегин кең кылып, өнүгүүсүнө салымыбызды кошобуз.

   Ушул майрам күнү жүрөгү Кыргызстан, Кыргыз жери деп соккон, жан дили менен Мекенине күйгөн ар бир журтташтарыма күч-кубат, чың ден-соолук, бакыт-таалай, бейпил жана бакубат турмуш каалайм!