AVN







ПРАКТИКАНЫ УЮШТУРУУ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ

ПРАКТИКАНЫ УЮШТУРУУ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ
 Mar 3, 2022  492

Педагогика багытында даярдалып жаткан сырттан окуу бөлүмүнүн 5-курстарын кесиптик профилдик практикага бөлүштүрүү боюнча уюштуруу конференциясы ZOOM аркылуу он-лайн түрүндө  өттү. Жалпысынан бүтүрүүчүлөр 42 студент. Конференция  кафедранын практика бөлүмүнүн жетекчиси, окутуучу Н.Ш.Мокуева тарабынан уюштурулган. Конференцияга практика жана карьера  бөлүмүнүн башчысы Н.С.Жолдошалиева,  практиканын методисттери С.С.Сакиева, Р.С.Нусупова, К.М.Ураимов, А.К.Шишкараева, Раимкул кызы Айжамал  катышты. Конференцияны кафедра башчысы С.С.Сакиева ачып, студенттерге кесиптик профилдик практиканы ийгиликтүү өтүшүнө тилектеш экенин билдирди. Практика жана карьера бөлүмүнүн башчысы Н.С.Жолдошалиева студенттерге ийгилик каалады. Н.Ш.Мокуева кесиптик профилдик практиканы сырттан окуу бөлүмүндө уюштуруунун бөтөнчөлүктөрү, студент-практиканттын документтер менен иштөөсү жөнүндө маалымат берди. Ар бир студент методисттер менен иштөөдө ватсап группа, же AVN порталы аркылуу байланыша ала тургандыгы белгиленди. Практиканын документтерин тапшырууга бир жума убакыт берилип, жыйынтыктоочу конференция ZOOM аркылуу он-лайн түрүндө  уюштурулаары да белгиленди.

 

  • ПРАКТИКАНЫ УЮШТУРУУ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ
  • ПРАКТИКАНЫ УЮШТУРУУ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ
  • ПРАКТИКАНЫ УЮШТУРУУ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ
  • ПРАКТИКАНЫ УЮШТУРУУ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ