AVN







КЕСИПТИК ПРОФИЛДИК ПРАКТИКАГА БӨЛҮШТҮРҮҮДӨГҮ УЮШТУРУУ КОНФЕРЕНЦИЯCЫ

КЕСИПТИК ПРОФИЛДИК  ПРАКТИКАГА БӨЛҮШТҮРҮҮДӨГҮ УЮШТУРУУ КОНФЕРЕНЦИЯCЫ
 Mar 3, 2022  536

Педагогика адистигинин бакалавр багыты боюнча даярдалып жаткан  бүтүрүүчү курстарына  кесиптик профилдик практиканы  уюштуруу конференциясы күндүзгү бөлүмдүн студенттерине өткөрүлдү. Уюштуруучулардын айтымында 4-курста кыргыз группада 24, орус группада 22 бүтүрүүчү билим алууда  (П-1-18, По-1-18 тайпалары). Конференция кафедранын практика боюнча жетекчиси, окутуучу Н.Ш.Мокуева тарабынан уюштурулду. Конференцияга университеттин карьера жана практика бөлүмүнүн жетекчиси Н.С.Жолдошалиева,  кафедра башчысы, профессор С.С.Сакиева, доцент К.М. Ураимов, улук окутуучу А.Э.Төрөбекова, окутуучулар А.К.Шишкараева, Д.А.Аданова, Раимкул кызы Айжамал катышты. Конференцияны кафедра башчысы С.С.Сакиева ачып, бүтүрүүчүлөргө ийгилик каалап, практиканы уюштуруунун мөөнөтү, алардын иш-аракеттерин пландаштыруу, практикадагы документтер жөнүндө маалымат берди.  Ал эми практика жана карьера бөлүмүнүн башчысы Н.С.Жолдошалиева студент-практиканттын жоопкерчилиги, аларды уюштуруунун шарттары жөнүндө айтып өттү. Методисттер К.М.Ураимов, А.Э.Төрөбекова, А.К.Шишкараева, Д.А.Аданова, Раимкул кызы Айжамал кесиптик профилдик практикада сабакты уюштуруунун, сабактын план конспектисин түзүүдө эмнеге көнүл буруу керек, сабакка даярдануу, аны пландаштыруу, сабакта көрсөтмөлүүлүктү колдонуунун дидактикалык шарттары, окутуунун жаны технологияларын сабакты колдонуу жөнүндө маалымат беришти.  Студент-практиканттар Жалал-Абад шаарынын №4, №14, №21 жалпы билим берүүчү мекемелерине бөлүштүрүлдү.

  • КЕСИПТИК ПРОФИЛДИК  ПРАКТИКАГА БӨЛҮШТҮРҮҮДӨГҮ УЮШТУРУУ КОНФЕРЕНЦИЯCЫ