AVN







ЖАМУ-ЭРТЕҢКИ ЭНЕРГЕТИКТЕР ҮЧҮН КАМ КӨРҮҮДӨ

ЖАМУ-ЭРТЕҢКИ ЭНЕРГЕТИКТЕР ҮЧҮН КАМ КӨРҮҮДӨ
 Mar 1, 2022  579

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун табигый-техникалык факультетинин электроэнергетика жана механика кафедрасынын ЭЭСС-1-19 тайпасынын студенттери окуу планына ылайык 21-февральдан  өндүрүштүк практикага кетишкен. Эми алар марттын жыйырма алтысына чейин практикада болушат. Өндүрүштүк практиканын сапатын жогорулатуу максатында студенттердин  практика жетекчилери менен биргеликте  программага ылайык атайын жылма жадыбал түзүлүп, азыркы учурда  практиканттар жадыбалдын негизинде Жалал-Абад жогорку чыңалуудагы электр тармактары ишканасынын өндүрүштүк бөлүмдөрүндө практика өтөп жатышат. Ал эми, университет тарабынан жана өндүрүштүк ишканадан дайындалган жетекчилер студенттердин катышуусун  тынымсыз көзөмөлгө алып, аларга керектүү болгон методикалык жардамдарды беришүүдө.

 

  • ЖАМУ-ЭРТЕҢКИ ЭНЕРГЕТИКТЕР ҮЧҮН КАМ КӨРҮҮДӨ