AVN







ЭНЕРГЕТИКТЕРДИН КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ИШ АЛДЫНДАГЫ ПРАКТИКАСЫ БАШТАЛДЫ

ЭНЕРГЕТИКТЕРДИН КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ИШ АЛДЫНДАГЫ ПРАКТИКАСЫ  БАШТАЛДЫ
 Mar 1, 2022  518

Электроэнергетика жана механика кафедрасынын сырттан окуу бөлүмүнүн            ЭЭССс-1-17, ЭКс-1-17 тайпаларынын студенттери үчүн квалификациялык иш алдындагы практикасы  башталды. Эми алар окуу планы боюча 28.02.2022ж. - 26.03.2022ж. чейин  энергетика тармагында практикада болушат. Бул тууралуу кафедранын окутуучусу Махабат Кочкорова билдирди. Ал,-«Сырттан окуу бөлүмүндөгү студенттер үчүн ZOOM платформасы аркылуу практика жана карьера бөлүмүнүн жетекчилигинин катышуусу менен биргеликте конференция уюштурулду. Конференциянын негизги максаты  студенттердин квалификациялык иш алдындагы практикасын сапаттуу өтүүсү үчүн өбөлгө түзүү.  Конференция учурунда университеттен дайындалган жетекчилер тарабынан студенттерге техникалык коопсуздук эрежелери жөнүндө инструкция өтүлүп андан соң квалификациялык практиканын программасы боюнча тапшырмалар берилди. Студенттер  өздөрүнүн активдүүлүгүн көрсөтүшүп,  квалификациялык иш алдындагы практикага байланыштуу суроолорду беришип, жеткиликтүү жоопторду ала алышты»-дейт.