AVN







ӨЗГӨРҮҮГӨ БАГЫТ АЛГАН ЖАШТАР АРАСЫДА ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК ОЮН ӨТТҮ

ӨЗГӨРҮҮГӨ БАГЫТ АЛГАН ЖАШТАР АРАСЫДА ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК ОЮН ӨТТҮ
 Mar 1, 2022  535

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин медициналык колледжи, жаштар комитети жана Жалал-Абад  интеллектуалдык  клубу менен биргеликте студенттер арасында   «Өзгөрүүнү  өзүңдөн башта» аттуу интеллектуалдык оюну  болуп өттү. Бул тууралуу медициналык колледждин тарбия иштер боюнча директордун орун басары  Г. Темирбаева билдирди.

Анын айтымында  өзгөрүүгө багыт алган жаштарга арналган интеллектуалдык оюнга бардыгы болуп алты команда катышкан. Алар, Фарм-2-21 тайпасынын  «Логарифм», Фарм-3-21 тайпасынын  «Bevil s  Angel», Ад-1-20 тайпасынын «Интелегент», Лд-1-21 тайпасынын  «Мурас»,  Сд-1-21 тайпасынын  «Байчечекей», Фарм-1-21 тайпасынын   «Медлайн» командалары.

Интеллектуалдык оюндун максаты студенттер арасында ынтымакты, достукту жана биримдикти чыңдоо, жаштарды так жана жыйынтыктуу ойлоно билүүгө үйрөтүү, актуалдуу иш-чараларды уюштуруу, студенттердин топ болуп иштей билүү жөндөмдүүлүктөрүн арттыруу. Оюндун жүрүшүндө катышуучуларга кыргызстандын тарыхы, логикалык жана белгилүү инсандар жөнүндө ондон суроо берилди.  Жыйынтыгында калыстар тобунун чечими менен  1-орунду Фарм-3-21 тайпасынан «Bevil s  Angel», 2-орунду Фарм-1-21 тайпасынан «Медлайн», 3-орунду ЛД-1-21 тайпасынан «Мурас» командасы ээледи. Жеңүүчүлөр Жалал-Абад  интеллектуалдык  клубунун жана колледждин дипломдору менен сыйланышты. Мындан сырткары   Фарм-3-21 тайпасынын студенти Таалайбек кызы Гулзирага «Интеллект студент» номинациясы берилди.  Байгелүү орундарды алган командалар. 

  • ӨЗГӨРҮҮГӨ БАГЫТ АЛГАН ЖАШТАР АРАСЫДА ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК ОЮН ӨТТҮ
  • ӨЗГӨРҮҮГӨ БАГЫТ АЛГАН ЖАШТАР АРАСЫДА ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК ОЮН ӨТТҮ