AVN







НООКЕН РАЙОНДУК «КЫРГЫЗТЕЛЕКОМ» АЧЫК АКЦИОНЕРДИК КООМУНУН ДИРЕКТОРУ КОНОК ЛЕКЦИЯДА

НООКЕН РАЙОНДУК «КЫРГЫЗТЕЛЕКОМ» АЧЫК АКЦИОНЕРДИК КООМУНУН ДИРЕКТОРУ КОНОК ЛЕКЦИЯДА
 Mar 1, 2022  418

Б.Осмонов атындагы  Жалал-Абад мамлекеттик университетинин алдындагы Жалал-Абад колледжинин табигый-техникалык бөлүмүнүн автоматташтырылган системалары жана математика ПЦКсынынын автоматташтырылган системаларды жана эсептөө техникаларын программалык камсыздоо  жана маалыматтарды иштеп чыгуунун автоматташтырылган системасы жана башкаруу (тармактар боюнча) адистиктеринин 3-курстарына квалификация алдындагы практикага  жөнөтүү конференциясынын негизинде 2021-2022-окуу жылында пландаштырылып коюлган графиктин негизинде «Компьютердик тармактын азыркы коомдогу өнүгүүсү» деген аталышта конок лекция уюштурулду. Конок лекцияга   ЖАМУнун алдынкы бүтүрүүчүлөрүнүн бири Жалал-Абад областына караштуу Ноокен райондук «Кыргызтелеком» ачык акционердик коомунун директору Н.М.Джумагулов чакырылды.

Конок лекцияны уюштуруунун негизги макаты: Студенттердин өз кесибине болгон кызыгуусун арттыруу жана келечекте өз ордун табуу менен бирге азыркы коомдогу маалыматтык ресурстарын колдонуу жөнүндө кеңири маалымат берүү. Аны менен катар программалар менен иштөө боюнча кеңири түшүндүрүү.

Конок лекцияга ЖАКтын табигый-техникалык бөлүмүнүн АСжМ ПЦКсынын башчысы К.К. Калдарова,  бөлүмдүн практика жетекчиси А.К.Сатимбаева, окутуучулар Ж.Аскаров, Н.Мусакулова, Э.Пахирдинова, Ф.Имодиллаев  жана ЖАКтын инженер-программисти Курсант Асилбек уулу катышты.

 

  • НООКЕН РАЙОНДУК «КЫРГЫЗТЕЛЕКОМ» АЧЫК АКЦИОНЕРДИК КООМУНУН ДИРЕКТОРУ КОНОК ЛЕКЦИЯДА
  • НООКЕН РАЙОНДУК «КЫРГЫЗТЕЛЕКОМ» АЧЫК АКЦИОНЕРДИК КООМУНУН ДИРЕКТОРУ КОНОК ЛЕКЦИЯДА