AVN







ТАМАШОУЧУЛАР БАЙГЕЛҮҮ БОЛУШТУ

ТАМАШОУЧУЛАР БАЙГЕЛҮҮ БОЛУШТУ
 Feb 22, 2018  967

Барпы драма театрында 19-февраль күнү Жалал-Абад облусундагы “Тамашоу” лигасынын  5- юбилейлик сезонунун ачылышы  өткөрүлдү. Ага Жалал-Абад мамлекеттик университетинин «JASU stars» курама командасы да катышты. Бул тууралуу Жаштар комитетинен билдиришти.

        Оюнга облус боюнча жалпы 15 команда катышып, 3 номинацияга ат салышкан. «JASU stars» курама командасы мыкты оюн көргөзүп, “Эң мыкты тамаша” номинациясына ээ болушкан.

          Эскерте кетсек,  22-февраль күнү облустагы ЖОЖдор, училищелер жана колледждер  арасында “Тамашоу” оюну болот. Аталган  оюнга «JASU stars»  курама командасы дагы катышып,  ЖАМУнун намысын коргомокчу.

  • ТАМАШОУЧУЛАР БАЙГЕЛҮҮ БОЛУШТУ
  • ТАМАШОУЧУЛАР БАЙГЕЛҮҮ БОЛУШТУ