AVN







МОСКВА ПЕДАГОГИКАЛЫК МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН ЛЕКТОРЛОРУ КОНОК ЛЕКЦИЯДА

МОСКВА ПЕДАГОГИКАЛЫК МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН ЛЕКТОРЛОРУ КОНОК ЛЕКЦИЯДА
 Feb 26, 2022  363

2022-жылдын 25-февралында Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин филология факультетинин англис тили жана адабияты кафедрасынын    3-4-курстун студенттери жана магистрлер үчүн конок лекция уюштурулду. Конок лекторлор Москва педагогикалык мамлекеттик университетинин санариптик билим берүүнү өнүктүрүү институтунун директорунун орун басары тарых илимдеринин кандидаты, доцент Юдин Алексей Владимирович жана Москва мамлекеттик облустук университетинин чет тилдер кафедрасынын ассистенти филология илимдеринин кандидаты Анара Касымбекова болду.  Юдин Алексей Владимирович «Орус-кыргыз ЖОЖдор аралык кызматташтыгынын алкагында студенттердин кесиптик компетенцияларын өнүктүрүү» деген темада, Анара Касымбекова  «Башка лингвистикалык маданиятта англис тилин үйрөтүүдөгү көйгөйлөр» аталышында лекция окуду.