AVN







СТУДЕНТТЕРДИН КЕСИПТИК КОМПЕТЕНЦИЯЛАРЫН ӨНҮКТҮРҮҮ БОЮНЧА ВЕБИНАР ӨТТҮ

СТУДЕНТТЕРДИН КЕСИПТИК КОМПЕТЕНЦИЯЛАРЫН ӨНҮКТҮРҮҮ БОЮНЧА ВЕБИНАР ӨТТҮ
 Feb 26, 2022  541

2022-жылдын 25-февралында Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин филология факультетинин англис тили жана адабияты кафедрасы тарабынан «Орус-кыргыз ЖОЖдор аралык кызматташтыгынын алкагында студенттердин кесиптик компетенцияларын өнүктүрүү» аталышындагы Эл аралык онлайн вебинар өткөрүлдү. Буд тууралуу англис тили жана адабияты кафедрасынын улук окутуучусу Гулбара Жороева билдирди. Вебинардын коноктору Москва педагогикалык мамлекеттик университетинин санариптик билим берүүнү өнүктүрүү институтунун директорунун орун басары тарых илимдеринин кандидаты, доцент Юдин Алексей Владимирович жана Москва мамлекеттик облустук университетинин чет тилдер кафедрасынын ассистенти филология илимдеринин кандидаты Анара Касымбекова болду. Вебинарды Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун билим берүүнүн сапаты бөлүмүнүн башчысы Гүлшайыр Маматова сөз сүйлөп ачты. Иш чарага филология факультетинин профессордук окутуучулар курамы, 3-4-курстардын студенттери жана магистранттар  катышты.