AVN







ЖАМУНУН МЕДИЦИНА ФАКУЛЬТЕТИНДЕГИ СИМУЛЯЦИЯЛЫК БОРБОРЛОР

ЖАМУНУН МЕДИЦИНА ФАКУЛЬТЕТИНДЕГИ СИМУЛЯЦИЯЛЫК БОРБОРЛОР
 Feb 25, 2022  747

Бейтаптар эч качан даттанбаган жана дарыгерге (студенттерге) өз каталарынан сабак ала турган жер симуляциялык борбор деп аталат. Ал мүмкүн болушунча реалдуу шарттарда медициналык тренажерлордо машыгат. Мындай симуляциялык борборлор ЖАМУнун медицина факультетинин бардык бөлүмдөрүндө уюштурулган жана студенттер лекция жана практикалык сабактар ​​учурунда алган көндүмдөрүн жогорулатуу үчүн манекендерди активдүү колдонушат. Бул тууралуу медицина факультетинин госпиталдык терепия кафедрасынын улук окутуучусу Шавкатбек Астанов билдирди. Анын айтымында бул албетте студенттерге чыныгы пациенттер менен иштөөдө зарыл болгон керектүү көндүмдөрдү алууга жардам берет. ЖАМУнун ректору тех. и. д., профессор Усенов Кеңешбек Жумабековичтин колдоосу менен медицина факультетининин симуляциялык борборлору жыл сайын керектүү заманбап жабдуулар менен (тонометрлер, фонендоскоптор, муляждар, тренажерлор ж.б.) толукталып турат.

 

  • ЖАМУНУН МЕДИЦИНА ФАКУЛЬТЕТИНДЕГИ СИМУЛЯЦИЯЛЫК БОРБОРЛОР
  • ЖАМУНУН МЕДИЦИНА ФАКУЛЬТЕТИНДЕГИ СИМУЛЯЦИЯЛЫК БОРБОРЛОР
  • ЖАМУНУН МЕДИЦИНА ФАКУЛЬТЕТИНДЕГИ СИМУЛЯЦИЯЛЫК БОРБОРЛОР