AVN







МЕДИЦИНА ФАКУЛЬТЕТИНДЕ ДАГЫ ШАРТТАР ТҮЗҮЛӨТ

МЕДИЦИНА ФАКУЛЬТЕТИНДЕ ДАГЫ ШАРТТАР ТҮЗҮЛӨТ
 Feb 25, 2022  732

Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун медицина факультетинин деканы Гүлбара Ташиева кафедралардын профессордук-окутуучулар жамааты менен жолугушту. Жолугушууга акушердик – гинекология жана педиатрия, жалпы хирургия, хирургия-травматология каферасынын окутуучулар курамы жана кызматкерлер катышты. Анда факультеттин учурдагы медициналык базалары жана мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Медициналык жабдуулардын абалын жакшыртуу жана зарыл болгон жаңы заманбап текникалык каражаттар менен толуктоо маселелери каралды. Ошондой эле билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана билим берүү тармагына инновациялык технологияларды киргизүү боюнча мугалимдердин сунуштары угулду.

 

  • МЕДИЦИНА ФАКУЛЬТЕТИНДЕ ДАГЫ ШАРТТАР ТҮЗҮЛӨТ
  • МЕДИЦИНА ФАКУЛЬТЕТИНДЕ ДАГЫ ШАРТТАР ТҮЗҮЛӨТ