Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин медицина факультетине окуу жайдын ректору тех. и. д., профессор Усенов Кеңешбек Жумабековичтин буйругу менен 2022-жылдын 21-февралынан жаңы деканы болуп Ташиева Гүлбара Самидиновна дайындалды. Гүлбара Ташиева медицина илимдеринин кандидаты, доцент саламаттыкты сактоонун отличниги, жогорку категориядагы дарыгер, акушер-гинеколог. Ал буга чейин ОшМУнун медицина факултетинде окуу иштери боюнча декандын орун басары болуп иштеген.
Эске салсак, Жалал-Абад мамлекеттик университетинде медицина факультети 2010-жылы уюшулган. Бул өткөн аралыкта облустун аймагында жайгашкан медициналык мекемелерге кесипкөй кадырларды даярдоодо тынымсыз аракет көрүп келүүдө. Алсак, факультетте ушул күнгө чейин 800дөй студент түрдүү багыттагы медициналык билимге ээ болушкан. Алардын 400гө чукулу чет өлкөлүк студенттер. Учурда ЖАМУнун медицина факультетинин бүтүрүүчүлөрү өлкөнүн баардык аймагында калкты медициналык жактан тейлөө багытында татыктуу ордун таап иштеп келишүүдө. Учурда аталган факультетте баардыгы болуп 4000дей студент окуп жатат. Аларга 200дөн ашуун профессордук окутуучулук курамы билим берет.